Жогорку Кеңеш тарайбы? Эл өкүлдөрү менен эксперттер эмне дейт?

Жазылуу
Айрым эксперттер буга чейин референдум өтсө парламент тарай турганын айтып чыккан жайы бар. Аталган кеп күн сайын күчөп, ЖК тарайт дегендер четтен чыгууда. Аталган суроого жооп төмөнкү макалада.

Кыргызстанда деги эле зерикпейсиң. Жыл айланбай шайлоо өтүп, жаз келээри менен митингдер башталат. Эч болбоду дегенде айрым депутаттардын "балп" этип алмай жайы бар. Жаңы эле Конституцияны өзгөртүп бүтүп, эми "Жогорку Кеңеш тарайт" деген ар кыл пикирлер чыга баштады. Ушундан улам маселенин чын төгүнүн аныктап көрүүнү эп көрдүк. 

КСДП фракциясынын депутаты Абдывахап Нурбаев: ушак жүрө берет

— Менимче, парламенттин тарашына негиз жок. Анын тарашы боюнча сөздөр ар убак болуп келген. Бешинчи чакырылышты да тарайт деп жүрүп, аягына чейин иштеди. Бизде да ушундай көрүнүш болууда, — деди эл өкүлү. 

"Ата-Мекен" лидери Өмүрбек Текебаев: тарайт деген имиштерди угуп жатам

— Мен Жогорку Кеңеш тарайт деген сөдөрдү көп эле угуп жатам. Айрымдары 26-декабрь күнү тарайт экен дешүүдө. Бирок тароо механизми мен үчүн так эмес. Тароо үчүн депутаттардын теңинен көбү чечим кабыл алыш керек. Парламентти таратуу боюнча каалоолор болсо керек, бирок аны ишке ашыруу кыйын болот, — деди Текебаев. 

Экс-төрага Адахан Мадумаров: макамы өзгөрдү, тарашы керек

 

— Кыргызстанда ушакты атайын бирөө чыгарып, элди байкап көрөт. Бул саясатта колдонулуп жүргөн ыкма. Эгерде аны жапа тырмак колдоп кетсе, ишке ашат. Эгерде тескери жыйынтык болсо жөн гана ушак деп калтырышат. Референдум өткөндөн кийин Баш мыйзам кабыл алынып, ЖК, өкмөттүн макамы өзгөрдү. Андыктан депутаттар тарашы керек, — деди Мадумаров. 

Коомдук ишмер Эдил Байсалов: парламент тарайт деп буга чейин эле айткам 

— Биз буга чейин эле жаңы Конституция кабыл алынса, ЖК ыйгарым укуктарын жоготуп калышы мүмкүндүгүн айтып чыкканбыз. Так ушундай кырдаал 2007-жылы болуп, Бакиев парламентти тараткан. Бирок референдумда "ЖК тарабайт" деп так жазылып турат. Бул — элдин пикири. Парламентти кийинки президент таратышы мүмкүн, — деди Байсалов. 

Экс-депутат Эркингүл Иманкожоева: жаңы жылдан кийин тарашы мүмкүн

— Президент менен спикер тарабайт деп айтканы менен эч кимге ишенич жок. Тарап да кетиши мүмкүн. Менин оюмча, жаңы жылдан кийин таркашы ыктымал. Негизи аягына чейин иштесе жакшы болмок, — деди Иманкожоева. 

Саясий серепчи Алмаз Акматалиев: ЖКны таратууга эч ким кызыкдар эмес

Состоялась церемония открытия нового здания Генеральной прокуратуры - Sputnik Кыргызстан
Башкы прокуратура: депутаттыкка талапкерлердин үстүнөн арыздар түштү
— Жогорку Кеңеш эки жагдайда кетет. Биринчиси — өзүн таркатуу болсо, экинчиси —элдин көтөрүлүшү. Байкап көрсөк, азыр депутаттар өзүлөрүн таркатууга кызыкдар эмес. Менимче президент да таратууну каалабайт. Элдин көтөрүлүшү боюнча жагдай түзүлө элек. Түзүлбөй эле койсун. Негизи Конституция өзгөргөн соң ЖК тарашы керек, — деди Акматалиев. 

Коомдук ишмер Эмил Каптагаев: ЖК тараса КСДП кайра 38 мандат албай калышы мүмкүн

— Парламент тарайт деген эксперттик ойлор айтылууда. Бирок, менимче, бүгүнкү күндө аны таратууга кызыкдар тарап жок. Бишкек шаардык кеңешке болгон шайлоо көрсөттү, эгерде президент ЖКны таратса, КСДП 38 мандат албай калышы мүмкүн. Башка партиялар деле кайрадан шайлоого барууну каалабай турат, — деди Каптагаев. 

ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков: парламент тарабайт!

— Жогорку Кеңеш тарайт деген жалган маалымат. Бул сөз туура эмес, — деди спикер. 

Жогорку Кеңештин алтынчы чакырылышынын депутаттары 2015-жылдын октябрында шайланып келген. Анда КСДП, РАЖ, "Өнүгүү — Прогресс", "Ата-Мекен" жана "Бир Бол" фракциялары бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0