Адистер: Бишкектеги кардан бактар дагы сынышы мүмкүн

© Sputnik / Данияр СандыбаевПадение деревьев из за мокрого снега в Бишкеке
Падение деревьев из за мокрого снега в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарына акыркы үч күндө бир айлык нормадан ашык кар жааган. Анын кесепетинен бактар сынып, бастырмалардын үстү түшкөн болчу.

БИШКЕК, 23-ноя. — Sputnik. Жааган кардан улам Бишкек шаарындагы бак-дарактар дагы сынышы мүмкүн. Бул туурасында Мамлекеттик техникалык инспекциясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарына акыркы үч күндө бир айлык нормадан ашык кар жааган. Анын кесепетинен бактар сынып, бастырмалардын үстү түшкөн болчу.  

"Бактардын жалбырактары толук түшпөгөндүктөн жана көпчүлүк бак-дарактар 1950-1960-жылдары отургузулгандыктан алардын сынып кетүү коптлуулугу сакталып турат", — деп жазылат маалыматта.

Андыктан аталган инспекциянын адистери шаар тургундары менен конокторун көчөдө кетип баратканда этият, сак болууга чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0