Министрлердин кимиси ээрден шыпырылып, кимиси такка отурат. Экcперттердин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештеги жумуш орун. Архив
Жогорку кеңештеги жумуш орун. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президент көпчүлүк коалициясын куроо мандатын КСДП фракциясына берип, учурда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Жаңы коалициянын куралышы менен өкмөттүн курамы да өзгөрөрү бышык. Sputnik Кыргызстан жаңы өкмөткө кимдер келери тууралуу эксперттердин пикирин угуп көрдү.

БИШКЕК, 31-окт. — Sputnik. Көпчүлүк коалициясы тарап, анын арты менен министрлер кабинети да автоматтык түрдө кызматтан алынды. Учурда өкмөттүн курамы милдетин аткаруучу катары иштеп жатат. Жаңы коалициянын куралышы менен өкмөттүн курамы өзгөрөт дегендер четтен чыгууда. Ушундан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги аталган маселе боюнча саясий серепчилердин пикирин угуп көрдү.

Эксперт Табылды Акеров жаңы коалицияга КСДП, "Кыргызстан", "Республика — Ата-Журт" жана "Бир Бол" фракциялары кирип, вице-премьерлердин орду "Республика — Ата-Журт" фракциясына тийиши мүмкүндүгүн билдирди.

Табылды Акеров: вице-премьерлердин орду РАЖ фракциясына тийиши мүмкүн

"Менимче премьер-министр өз ордунда калат. Ал эми өзгөчө стратегиялык делген экономика, билим берүү жана каржы министрликтери КСДПнын көзөмөлүндө болот. Буга чейинки "Өнүгүү — Прогресс" менен "Ата Мекен" фракцияларынын орундары "Республика — Ата-Журт" фракциясына тиет. Мындан сырткары, вице-премьерлердин орду дагы "РАЖ" фракциясына берилет", — деди Акеров. 

Эксперт мындан сырткары "Кыргызстан" фракциясына орун каралбай турганын айтып, "Бир Бол" фракциясына анчейин маанилүү эмес делген бир-эки министрлик тийиши мүмкүндүгүн кошумчалады. 

Ал эми Бакыт Бакетаев министрлердин жарымы кызматтан кол жууйт деген пикирде. 

Бакыт Бакетаев: министрлердин жарымы кызматтан кол жууйт

"Сооронбай Жээнбековдун иштегенине сегиз ай болду. Андыктан ал калат окшойт. Нааразычылыктар көп айтылган Билим берүү жана илим министри кызматтан кетти. Мындан сырткары Транспорт жана жол, Юстиция, Айыл чарба, Ички иштер министрлери алмашат. Ошентип министрлердин жарымы кызматтан кетет. Негизи алар жакшы иштеген жок", — деди Бакетаев. 

Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин профессору Алмаз Акматалиев көпчүлүк коалициясына КСДП, "Кыргызстан" жана "Республика — Ата-Журт" фракциялары кирип, Каржы министри кызматтан алынышы мүмкүндүгүн баса белгиледи. 

Жогорку кеңештин жыйыны. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы коалиция жана өкмөттүн тагдыры: эксперттер эмне дейт?
"Президент көпчүлүк коалицияны куроо мандатын КСДП фракциясына тапшырды. Ага "Кыргызстан" менен "РАЖ" фракцияларынын кириши мүмкүн. Ал эми Сооронбай Жээнбеков КСДП партиясынын мүчөсү. Андыктан өкмөт башчы кызматтан кетпейт. Учурда бюджет боюнча суроолор көп болуп, Каржы министри ээрден шыпырылышы мүмкүн. Мындан сырткары "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынан барган айыл чарба министри да кетет", — деди Акматалиев. 

Ал эми КСДП фракциясынын депутаттары Анвар Артыков менен Айнуру Алтыбаева азырынча көпчүлүк коалициясы курала электигин айтышып, кайсыл министрликтер алмашарын жарыялоо эртелик кыларын кошумчалашты.

Эске сала кетсек, КСДП фракциясы көпчүлүк коалициядан чыгып, парламенттеги альянс тараган. Андан улам өкмөттүн курамы да кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0