02:56 24 Бирдин айы 2017
Түз эфир
Миң кыял коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулованын архивдик сүрөтү
© Фото \ Тимур Райымкулов

Айдай Асангулова: максатыбыз абалкы кол өнөрчүлүктү, нукура маданиятты сактоо

Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
84 0 0

Көргөзмө "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" деп аталып, Гапар Айтиев атындагы улуттук көркөм сүрөт музейинде өтөт.

Жасаган ишибиздин максаты — кыргыз элинин унутта калып бара жаткан кол өнөрчүлүгүн, үрп-адатын, кийим-кечесин, салтын кайра жаратуу, сактап калуу жана жайылтуу. Бул тууралуу "Миң кыял" коомдук фондусунун жетекчиси Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, бул жаатта жасалып жаткан иштин жыйынтыгы бүгүн "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" аттуу көргөзмөдө тартууланат.

"Долбоордун алкагында чогултулган маалыматтар жайлоодогу жашоонун программасынын, салттуу билимдер боюнча видео сабактардын, кыргыз кийимдери альбомунун ѳзѳгү болду", — деди Асангулова.

Көргөзмө Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт музейинде саат 15.00дө өтөт.

Тема боюнча

Астанада алгачкы жолу кыргыз сүрөтчүнүн көргөзмөсү ачылды
Эл сүрөтчүсү Турсунбек Койчиевге арналган көргөзмө өтөт
Белгилер:
кийим-кече, көргөзмө, Айдай Асангулова