Бакыт Төрөбаев: КСДП коалициянын тагдырын өз билгениндей чечип жатат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү
Жогорку Кеңештеги Өнүгүү — Прогресс фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов көпчүлүк коалициядан чыгуу тууралуу чечим фракция жыйынында кабыл алынганын маалымдаган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев КСДП фракциясы коалициянын тагдырын өз билгениндей чечип жатат деп айтканын фракциянын катчылыгы билдирди.

Белгилей кетсек, бүгүн КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов көпчүлүк коалициядан чыгуу тууралуу чечим фракция жыйынында кабыл алынганын маалымдаган.

"Иса Өмүркулов коалициядан чыгуу себебин "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы менен болгон позициянын келишпестигине шылтады. Мен эскертип кетким келет, парламенттин ар бир депутаты өзү туура деп эсептеген добуш берүүгө укуктуу – бул конституциялык норма. Башкача айтканда, пикирлердин ар кандай болушу демократиянын жана парламентаризмдин өзөгүн түзөт", — деди Төрөбаев.

Ал ошондой эле эгерде ал жетектеген фракция оппозицияда калса да бул багытын өзгөртпөй турганын билдирген.

Жаңы коалицияга кайсы фракция кириши ыктымал экенин, өкмөттүн тагдыры эмне болорун Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0