15:21 26 Бугу 2017
Түз эфир
Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркуловдун архивдик сүрөтү

Иса Өмүркулов: КСДП коалициядагы эки фракция менен иштеше албай калды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
Көпчүлүк коалициянын тарашы (23)
30830

Буга чейин КСДП фракциясынын көпчүлүк коалициядан чыгары тууралуу маалымат тараган.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештеги КСДП фракциясынын лидери Иса Өмүркулов көпчүлүк коалициядагы эки фракциянын ("Ата Мекен" менен "Өнүгүү — Прогресс" — авт.) өкүлдөрү менен чогуу иштеше албастыгын жарыялап, коалициядан чыгуу чечими кабыл алынганын журналисттерге билдирди.

"КСДП фракциянын жыйынында көпчүлүк коалициядан чыгуу чечимин кабыл алдык. Кийинки кездеги болгон кырдаалдар ушундай шарт түзүп жатат. Биз коалициядагы эки фракциянын өкүлдөрү менен иштеше албасыбызды жарыялап жатабыз. Мамлекетте тынчтык, туруктуулук болсун деп аракет кылдык", — деди Өмүркулов.

Ал ошондой эле учурдагы көпчүлүк бирикме коалиция эмес эле парламенттеги оппозиция менен позиция болуп калганын айтып, анын ичинде жарым оппозиция болсо да ал коалициянын жашоосу кыска болуп каларын кошумчалады.

Тема:
Көпчүлүк коалициянын тарашы (23)

Тема боюнча

"Республика — Ата-Журт" жаңы коалицияга кирүү боюнча сүйлөшүүгө даяр
КСДП өкүлү фракция эмне үчүн коалициядан чыкканын түшүндүрдү
Белгилер:
коалиция, КСДП фракциясы, Иса Өмүркулов

ЭҢ МААНИЛҮҮ