Референдумдан кийин ЖК тарайбы? Депутат менен эксперттердин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку кеңештеги төраганын жумуш орду, архивдик сүрөт
Жогорку кеңештеги төраганын жумуш орду, архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда жыл айланбай шайлоолордун өтүшү, нааразычылык акциялардын уюштурулушу активдүү саясаттан кабар берет. Ал эми баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси дагы да болсо абалды курчутуп, жаңы жагдайларды жарата алды. Алардын бири —парламенттин тарашы.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik, Исмаил Мамытов. Референдумду өткөрүү демилгеси көтөрүлөрү менен ал саясий айдыңдагы башкы темага айланганы бышык. Саясатчылардын айрымдары Жогорку Кеңештин (ЖК) депутаттары мыйзам бузуу менен референдум өткөрүүгө аракет кылып жатканын айтса, кай бирлери референдум өтөрү менен ЖК тарай турганын божомолдошууда. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги бул ирет аталган маселенин күңгөй-тескейин иликтеп көрүүнү туура көрдү. 

Экс-төрага Адахан Мадумаров азыркы парламенттин эл атынан сүйлөгөнгө акысы жок деп эсептейт. 

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевЭкс-төрага Адахан Мадумаров
Адахан Мадумаров - Sputnik Кыргызстан
Экс-төрага Адахан Мадумаров

"Мыйзам бузуулар менен Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп чыккан парламент мыйзамдуулук үчүн эмес, кырдаалга кызмат кылууда. Алар элдин талабын эмес, бийликтин кызыкчылыгын коргоп жаткан соң элдин атынан сүйлөгөнгө акысы жок. Ошондуктан токтоосуз түрдө тарасын деген талап койдук", — деди Мадумаров. 

Ал президент Алмазбек Атамбаев КСДП фракциясынын мүчөлөрүн садага чаап, ЖКны таратып жиберет деген пикирде. 

"Референдум өткөндөн кийин эл парламентке ишенбестик көрсөткөн болуп, Атамбаев "кааласаңар, ЖКны таратам" деп чыгат. Анан КСДП биринчи болуп демилге көтөрүп чыгышы мүмкүн. Анткени президенттин ЖКны таратууга укугу жок. Өзүн-өзү гана тарата алат. Ал эми бүгүнкү КСДП тара десе эле тарайт. Алар эл талап кылып жатат, биз креслого жабышпайбыз дейт да, тарап кетет", — деди Мадумаров. 

"Ар-Намыс" партиясынын лидери, экс-премьер Феликс Кулов мыйзам бузууларга барган ЖК кайрадан элдин ишенимин актап көрсүн дейт. 

© Sputnik / Табылды Кадырбеков Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүү"Ар-Намыс" партиясынын лидери, экс-премьер Феликс Кулов
Депутат Жогорку Кенеша 5-го созыва Феликс Кулов  - Sputnik Кыргызстан
"Ар-Намыс" партиясынын лидери, экс-премьер Феликс Кулов

"ЖКнын таратуу үчүн учурдагы Конституцияга ылайык, депутаттардын 2/3 бөлүгүнүн добушу керек. Ал эми президент менен эл тарата албайт. "Референдумга жол жок" кыймылынын парламентти таратуу боюнча кол чогултуп баштаганы саясий көрүнүш экенин айтууга болот. Анткен менен учурдагы парламент бир канча мыйзам бузуулар менен Конституцияны өзгөртүүнү демилгелеп чыкты. Мыйзамга ылайык, референдум өткөндөн кийин президент, ЖК жана өкмөт күчүндө калат деген талап бар. Бирок референдумга кошо эле элдик добуш берүүдөн кийин парламент калышы керекпи деген суроо койсо туура болмок. Ушунчалык мыйзам бузууларга барган соң кайрадан элдин ишенимин актап көрсүн", — деди Кулов. 

"Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев депутаттардын 90 пайызынын кеткиси жок экенин билдирди. 

Митингдеги адамдын архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Уюштуруучулар: бийлик курултай өткөрүүгө имарат бербесе борбордук аянтка чогулабыз
"Азыр кол топтоо менен парламентти эч ким тарата албайт. Андай норма жок. Миллиондогон шайлоочулардын добушун 100 миң кол жокко чыгара албайт да. Ал эми референдум өткөндөн кийин ЖК тарасын деген талап коюлган эмес. Тескерисинче, президент менен ЖК өз мөөнөтү бүткөнчө иштесин деген жери бар. Бирок эл өкүлдөрү өзүлөрү тарайбыз деп маселе көтөрүшү мүмкүн. Чынын айтканда, депутаттардын 90 пайызынын кеткиси жок. Ушундай мээнет менен келип, чоң долбоорлорду баштаган соң ким баш тартат. Бирок партиянын съездинде кетүү тууралуу чечим кабыл алынса, анда айла жок", — деди Масалиев. 

Ал эми ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков КСДП парламентти таратуу боюнча демилге көтөрбөй тургандыгын жар салды. 

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков
Депутат Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
ЖКнын төрагасы Чыныбай Турсунбеков

"Парламент тарап кетет деген түшүнүк туура эмес, анткени учурда аны таратууга негиз жок. Бирок парламент тараса ордуна барып калалы деген күчтөр бар. КСДП ЖКны таратуу тууралуу демилге көтөрөт деген маалымат туура эмес. Андай болбойт", — деди Турсунбеков.

Саясий серепчи Марс Сариев болсо азыр парламентти таратуу эртелик кылат деген пикирде.

© Фото / Аман СариевСаясий серепчи Марс Сариев
Кыргызский политолог Марс Сариев - Sputnik Кыргызстан
Саясий серепчи Марс Сариев

"Азырда божомол айтуу кыйын болуп турат. Маселе Ак үйдөн чечилет го. Менин баамымда жазында абал курчуп кетип эле парламент тарашы мүмкүн. Азыр таратуу эртелик кылат", — деди Сариев.

Эске сала кетсек, КСДП, "Республика — Ата-Журт", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" фракциялары референдум жолу менен Конституцияны өзгөртүү демилгесин көтөргөн. Аталган сунушту президент колдоо алганы менен Убактылуу өкмөт мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Роза Отунбаевалар каршы чыккан. Ошондон улам өлкөдөгү саясий кырдаал күч алып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0