Аскар Акаев Өзбекстанды жакынкы 5-10 жылда эмне күтүп турганын айтты

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев өзбек элитасы кимди тааныганын жана жаңы бийлик канчага чейин турарын жоромолдоду.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов туруктуу саясий система кура алганын, бийлик жаңы жетекчиге тынч өтөрүн жана өлкөдө 5-10 жыл туруктуулук өкүм сүрөрүн КРдин биринчи президенти Аскар Акаев РИА Новости агенттигине билдирген. 

Ислам Каримов 2-сентябрда мээсине кан куюлуп 78 жашында каза болгон. Анын сөөгү Самарканд шаарына коюлган. Президенттин милдетин убактылуу аткаруучу болуп премьер-министр Шавкат Мирзиеев дайындалды. Өлкөдө президенттик шайлоо 4-декабрда өтөт

"Бийликтин алмашуусу жеңил формада болот деп дайыма ойлоп келгем. Ислам Каримов бийликти жакшы түшүнгөн адам болгон. Шахматтын тили менен айтканда гроссмейстор болчу. Ал 5-10 жыл бою былк этпей турган бийликти куруп кетти", — деди Акаев.

Анын баамында Каримов Өзбекстанда саясий системанын туруктуулугун сактай ала турган эки маанилүү нерсени жасап кеткен.

"Эң биринчи ал бийлик системасындагы популисттик элементтерди тазалады. Өткөөл мезгилде негизги душмандар — популисттер", — деп эсептейт Акаев.

Мындай нерсе СССРдин курамындагы Украинада далилденгенин билдирди. Ал эми Каримов "кадрларга сталиндик ыкма менен мамиле кылган".

Өзбекстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каримовдун тагын ким мурастайт? Болжолдуу талапкерлерге берилген баа
Экинчиден Каримов Өзбекстан үчүн мүнөздүү болгон чиеленишкен кландык системаны тең салмактап, аны өзү көзөмөлдөгөн дейт Акаев.

"Ташкенттик, самарканддык, андижандык, жизактык, бухаралык топтор… Каримов гроссмейтер сыяктуу шахмат тактасына алардын баарын өз ара түшүнүшүү өкүм сүргүдөй кылып коё алган. Ал алардын каалоолорун өлчөп, бардык кландардын кызыкчылыгы эске алынгандай кылып системаны түзгөн",— дейт Акаев.

Айрым республикалардан айырмаланып Өзбекстанда мамлекеттен өзүнчө бөлүнгөн финансылык олигархтар жок экенин КРдин биринчи президенти баса белгилеген.

"Бул бийлик швейцариялык саат сыяктуу бир-эки президенттик мөөнөткө чейин иштейт жана баары туруктуу болот", — дейт Акаев.

Аскар Акаев 1990-2005-жылдары Кыргызстанды башкарган. 2005-жылы "жоогазын революциясында" өлкөдөн чыгып кеткен. Бүгүнкү күнү Москва мамлекеттик университетинин математикалык изилдөөлөр институтунда илимий иштер менен алектенет.

Жаңылыктар түрмөгү
0