Азамат Жаманкулов: Көчмөндөр оюну башка өлкөдө өтсө, максатына жетпей калат

© Sputnik / Расул УсеналиевТуризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Архив
Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Туризм департаментинин жетекчиси башка жакта көчмөндөрдүн баалуулуктарын берүү кыйынчылык жаратат деген пикирде.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Көчмөндөр оюну улуттук бренд катары Кыргызстанда гана өткөрүлсө жакшы болмок. Мындай пикирин Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Аны айтымында, көчмөндөрдүн баалуулуктары толук кандуу берилбей, Оюндар Түркия же Европада өткөрүлсө максатына жетпей калышы мүмкүн.

"Башка өлкөлөр Көчмөндөр оюндарын биздикиндей өткөрө албайт. Түркияда мынчалык көп боз үйдү кайдан табабыз? Ал жакта көчмөндөрдүн баалуулуктарын берүү кыйынчылык жаратат. Андыктан улуттук бренд катары өзүбүздө калганы жакшы болмок", — деди Жаманкулов.

II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 8-сентябрь күнү соңуна чыгат.

Жаңылыктар түрмөгү
0