Кыргызстанда Интернет жай иштегени аз келгенсип эмнеге кымбаттап кетти?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүНоутбукта кино көрүп жаткан адам. Архив
Ноутбукта кино көрүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми кыргызстандыктар үчүн Интернет кандай ылдамдык менен иштеп, кимдер үчүн кымбаттайт? Мамлекет провайдерлерди бааны түшүрүүгө мажбурлай алабы? Бул суроолорго Sputnik Кыргызстан материалынан жооп тапсаңыз болот.

БИШКЕК, 7-сен. — Sputnik. Кыргызстандын Homeline, "Акнет" жана Megaline компаниялары 10-сентябрдан баштап баалар өзгөрүп, Интернеттин алдымдыгы 3-4 эсе төмөндөй турганын расмий билдиришти. 

Интернет кабелин оңдоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Интернеттин кымбатташы. Жообу жок суроолор…
Буга чейин, 2-сентябрда, Монополияга каршы жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин өкүлдөрү жергиликтүү компания жетекчилери менен бирге Кыргызстанга Интернеттин транзит баасын төмөндөтүү мүмкүнчүлүгүн талкуулоо үчүн казакстандык кесиптештери менен Астанада жолуккан эле. Мамлекеттик агенттиктин директору Болсунбек Казаковдун айтымында, жолугуу эч натыйжа берген эмес. Мындан улам жергиликтүү провайдерлер тарифтик пландарды өзгөртүп жиберишкен. Ага ылайык, интернеттин ылдамдыгы төмөндөп, баасы жогорулайт. 

"Казакстандын монополияга каршы органы эми гана иликтөөнү баштады. Картелдик тымызын келишимди аныктоо үчүн ал чоң иш аткарышы керек. Акыркы жолугушууда казакстандык кесиптештер биздин жүйөөлөрдү угуп, кыргыз интернет операторлорунан документтерди кабыл алышты. Тарифти көтөрүүгө конкреттүү бир себептер аталган жок, бирок иликтөөнү создуктурбоого сөз беришти", — дейт Казаков. 

Ал 25-сентябрда ЕЭКтин алкагында жолугушуу болуп, ЕАЭБ мүчө Казакстан жана Кыргызстан өлкөлөрүнүн интернет рыногунда түзүлгөн абал карала турганын кошумчалады. 

Мамлекет баалардын калыптанышына таасир этип, анын кымбатташына бөгөт коё алабы? 

Казаков өзү жетектеген мекеме КРде Интернеттин мыйзамдуу түзүлгөн баасына эч кандай таасир эте албастыгын билдирди. 

"Бизде баа трафиктин өзүнүн жана Казакстан аркылуу транзиттин наркы менен кирешелик үстөк баадан турат. Бирок түзүлгөн жагдайдан интернет операторлор пайдаланып кетпешин көзөмөлдөйбүз. Жергиликтүү провайдерлер интернеттин ылдамдыгын мыйзамдуу төмөндөтүп жатканын текшериш үчүн бизге убакыт керек", — деди Казаков. 

Мамлекеттик маалымат технологиялар жана байланыш комитети (мурдагы мамлекеттик байланыш агенттиги, МБА) да Кыргызстандын интернет рыногунда бааларды орнотуп же ага таасир этүүгө ыйгарым укуктары жок экендигин билдирди.

Интернет кимдер үчүн кымбаттайт? 

Интернет колдонуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Байланыш комитети Интернеттин кымбатташы боюнча Казакстандан түшүндүрмө талап кылат
"Акнет" компаниясынын директору Руслан Абдумажитов баанын жогорулашы рыноктун бардык бөлүктөрүнө — үйдөгү, офистеги колдонуучуларга таасир эте турганын билдирди. 

"Эгер казак кесиптештер менен келише албай калсак, баалар көтөрүлүшү мүмкүн деп биз, Кыргызстандын операторлору, өткөн айда эле айтканбыз. Астанадагы акыркы жолугушуу натыйжа берген жок — тарифти төмөндөтүү жөнүндө келише албадык. Андыктан тарифти жогорулатып, ылдамдыкты төмөндөтүүдөн башка бизде арга жок", — деди Абдумажитов. 

Үй Интернетинин ылдамдыгы канчалык төмөндөйт? 

Sputnik Кыргызстан кабарчысы "үй тармагынын" ири өкүлдөрү болгон Megaline жана Homeline менен байланышты. Алар жеке колдонуучулар үчүн эң жогорку ылдамдык секундасына 7 Мбит боло турганын, башкача айтканда, мурдагыдан дээрлик үч эсе төмөндөй турганын билдирди (мурда ылдамдык секундасына 20 Мбитке чейин жетчи). 

Компьютерде иштеп жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда 2 миллион жаран интернет колдонот
Августтун башында Кыргызстандын интернет операторлору казакстандык интернет берүүчүлөрдөн транзиттин баасы жогорулайт деген кабар алышкан. Бир аз убакыттан соң бардык интернет таркатуучулар тышкы байланыш каналы кымбаттай турганын расмий сайттары аркылуу пайдалануучуларга билдиришкен. КРдин байланыш операторлор ассоциациясы Мамлекеттик байланыш агенттиги менен Монополияга каршы мамлекеттик жөнгө салуу агенттигинен маселени чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышкан. Монополияга каршы ведомствонун директору Казаков казакстандык операторлордун аракеттери мыйзамдуу экенин карап берүү өтүнүчү менен ЕЭКке кайрылганын билдирип, казак кесиптештерден иликтөө жүргүзүүнү суранган. 

Кыргызстан Интернетти кайдан жана кантип ала тургандыгын Sputnik Кыргызстан инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0