Акыйкатчы: Конституциянын өзгөрүшү бийлик бутагындагы тең салмактуулукту жоюшу мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековАкыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив
Акыйкатчы Кубат Оторбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кубат Оторбаев жаңы өзгөртүүлөр эл аралык нормаларды бузбашы керек деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 10-авг. — Sputnik. Акыйкатчы Кубат Оторбаев Конституциянын өзгөрүшү менен бийлик бутагында теңдик жоголот деп эсептей турганын аталган институт билдирди. 

Анын айтымында, адам укуктары жаатында да бир канча жоопсуз суроолор жаралууда. 

"Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, адам укуктары менен мамлекеттин көз карандысыздыгы, улуттук баалуулуктар бир катарга туруп калып жатат. Анда кимисинин укугу артык экенин тактоо кыйынчылык жаратат. Бул өзгөртүүлөр апрель төңкөрүшүнүн арты менен жеткен адам укуктарынын сакталышына доо кетирет", — деп айтылат маалыматта. 

Акыйкатчы Конституциялык палатанын чечими президент жана Жогорку Кеңеш тарабынан каралышы соттук көз карандысыздыкты жоет деген пикирде. 

"Учурдагы коррупциянын терең тамыр алганын эске алуу менен Соттор кеңешинин алдындагы Тартип комиссиясынын киргизилишин колдойм. Бирок комиссияга бир гана бийликтегилер эмес, жарандык коомдун мүчөлөрү да киргизилиши керек", — деди Оторбаев. 

Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы Конституция жарга такайбы же керекке жарайбы? Эксперттердин пикири
Акыйкатчы жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, бийлик органдарында тең салмактуулук сакталып, эл аралык нормалар бузулбашы керек деген ойдо. 

Эске сала кетсек, КСДП, "Кыргызстан", "Өнүгүү-Прогресс" жана "Республика-Ата-Журт" фракциялары референдум жолу менен Конституцияга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү демилгелеп чыгышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0