Долларга суроо: кайда баратасың?

© Sputnik / Роман Галкин / Медиабанкка өтүүДоллар белгиси. Архив
Доллар белгиси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Доллардын кымбатташына эмне себеп жана "жашылбай" дагы канчага чейин көтөрүлөрүн Sputnik Кыргызстан агенттиги абай салып көрдү.

БИШКЕК, 3-авг. — Sputnik. Акыркы беш күн ичинде доллар 1,5 сомго кымбаттап, аны сатып алуу жана сатуу 68,5 сомдон ашты.

Улуттук банктын белгилеген расмий курсу боюнча беш күндө доллар бир сомго кымбаттап, 68,1 сомду түзгөн.

Sputnik Кыргызстан агенттиги доллардын кымбаттоо себебин жана жакын арада дагы кайсыл жакка өзгөрүшүнө баам салып көрдү.

Нефтинин баасы

Экономист Жумакадыр Акенеев нефтинин баасы түшүп кеткенин айтат.

"Бир баррель нефтинин баасы 50 долларга чейин көтөрүлгөн болчу, азыр ал 42 доллардан да арзандап кетти. Анын айынан рубль дароо арзандап, таасири сомго дагы тийди", — дейт адис.

Нефтинин баасына көзөмөл салган сайттагы маалыматка ылайык, 21-июлда Brent үлгүсүндөгү нефтинин баррели 46,83 доллар болчу, бирок ал 41,7 долларга чейин төмөндөп кеткен. Азыр баа акырындык менен көтөрүлүп жатат, Москва биржасынын маалыматы боюнча шаршемби күнү бир баррель нефтинин баасы 41,97 доллар болгон.

Экспорттун азайышы

Чет элдик инвесторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Искендер Шаршеев рубль менен теңгенин курчу нефтиден көз каранды экенин айтат. Эгер "кара алтындын" баасы түшсө, бул валюталардын куну да арзандай турганын билдирди.

"Албетте, Россия менен Казакстандын тургундарынын төлөө мүмкүнчүлүгү да азаят. Ал биздин товарлардын көлөмүнө да таасир берет, башкача айтканда валюталардын агымы төмөндөйт", — дейт Шаршеев.

Себеп — туристтер

"Альянс" акча алмаштыруу жайлары ассоциациясынын төрагасы Бактыбек Чойбеков доллардын кымбатташына учурдагы туризмдин абалы да таасир бергенин айтат.

"Былтыркыга салыштырмалуу туристтердин саны да аз, ал акча алмаштыруу операцияларынан дагы билинип жатат. Анын айынан чет элдик валюталардын келиши төмөндөдү", — дейт Чойбеков.

Божомолдор кандай?

Эксперттер сомдун курсу нефтиден көз карынды боло турганын белгилешүүдө. Ошентсе да божомолдор бар.

"Күзгө карай доллар кымбатташы мүмкүн. Себеби бул мезгилде импорт көп болуп, доллардын агымы күчөйт. Бирок, көп факторлордон улам доллар өйдө-төмөн болуп турат. Андыктан кандай божомол болгондо дагы ал туура болбой калышы ыктымал", — дейт Шаршеев.

АКШ долларлары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк жыл башынан бери 150 млн доллар сатып алды
Өз кезегинде Акенеев Улуттук банк валюта рыногуна чыгышы керек деген пикирде.

"Эгер 20 миллион долларды сатыкка чыгарса, курс 67 сомго чейин төмөндөшү мүмкүн. Бул өтө көп эмес, бирок бизге жетиштүү эле болот", — дейт эксперт.

Акыркы үч айда Улуттук банк валюта рыногуна 28-июлда 14,5 миллион доллар саткан.

Жыл башынан бери сомдун башка валюталарга болгон курсу кандай өзгөргөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан караңыз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0