Карапайым калктын кабыргасын кайыштырган мөндүр, насыя алгандардын тагдыры

© Фото / Инабат ЛатиповаБалыкчыдагы мөндүрдүн кесепети. Архив
Балыкчыдагы мөндүрдүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Үстүбүздөгү жылдын 18-июль күнү жааган мөндүрдөн улам Ысык-Көл облусусунун дыйкандары чоң чыгымдарга учурады.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Дүйшөмбү күнү Балыкчы шаарындагы жааган мөндүр бир катар чыгымдарды алып келди.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү маалымдагандай мөндүр Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна дагы жаап, өрүк-алмаларды күбүп кеткен. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги табигый кырсыктын кесепетинен жабыркаган карапайым калк менен баарлашып көрдү. 

Карапайым калкты мүңкүрөткөн мөндүр…

Балыкчы шаарынын тургуну Инабат Латыпова зыяндын кесепеттери көп эле болгонун айтат. 

"Эми гана мөмөсүн терели деп жатканда өрүк, алма, карагаттын баары күбүлүп калды. Абдан ичим ачышып отурам. Ал эле эмес жаңы көктөп келе жаткан мөмөлөр дагы жараксыз болуп калды", — деди Латыпова. 

Ал эми Тоң районуна караштуу Бар-Булак айылынын башчысы Мелис Тургановдун айтымында мөндүр эч нерсени аяган жок. 

© Фото / Инабат ЛатиповаДүйшөмбү күнү Балыкчы шаарындагы жааган мөндүр бир катар чыгымдарды алып келди.
Дүйшөмбү күнү Балыкчы шаарындагы жааган мөндүр бир катар чыгымдарды алып келди. - Sputnik Кыргызстан
1/3
Дүйшөмбү күнү Балыкчы шаарындагы жааган мөндүр бир катар чыгымдарды алып келди.
© Фото / Инабат ЛатиповаӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү маалымдагандай мөндүр Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна дагы жаап, өрүк-алмаларды күбүп кеткен.
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү маалымдагандай мөндүр Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна дагы жаап, өрүк-алмаларды күбүп кеткен. - Sputnik Кыргызстан
2/3
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү маалымдагандай мөндүр Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна дагы жаап, өрүк-алмаларды күбүп кеткен.
© Фото / Инабат ЛатиповаБалыкчы шаарындагы жааган мөндүрдүн кесепети. Архив
Балыкчы шаарындагы жааган мөндүрдүн кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
3/3
Балыкчы шаарындагы жааган мөндүрдүн кесепети. Архив
1/3
Дүйшөмбү күнү Балыкчы шаарындагы жааган мөндүр бир катар чыгымдарды алып келди.
2/3
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарымдуу өкүлчүлүгү маалымдагандай мөндүр Тоң жана Жети-Өгүз райондоруна дагы жаап, өрүк-алмаларды күбүп кеткен.
3/3
Балыкчы шаарындагы жааган мөндүрдүн кесепети. Архив

"Катуу жааган мөндүр эч кимди аяган жок. Картошка, буудайдан баштап өсүмдүктөрдүн баары жараксыз болуп калды. Мунун баарын насыя алып жасаган элек. Кайран мээнет текке кетти. Эми кантип насыя төгөм деп отурам", — деди Турганов. 

Айыл тургуну Улан Жапаров дагы жабыркагандардын катарында. 

"Мен жыл сайын 150 килограммга жакын өрүк алып, алардын килограммын 35 сомдон сатчумун. Быйыл эми ал каражат жок. Мындан сырткары короомдогу картошка, алмурут, буудайдын баары жабыркады", — деди дыйкан. 

Өлгөндүн үстүнө көмгөн…Өрүктүн баасы асман чапчыйбы?

Анткен менен Жапаров мөмө-жемиштердин баасы көтөрүлөт деген кептер суу кечпейт деген ойдо. 

"Сатууга эч нерсе калган жок. Анан кантип баасы көтөрүлмөк эле", — деди ал.

Ал эми айылдардан өрүк алып, шаарга ташыган Адылбек Кабылдаев өрүккө болгон баа мурункудай эле 25-30 сом болуп жатканын белгилейт. 

Эмне кылуу керек?

Айыл тургуну Улан Жапаров насыя маселесине токтолду. 

Балыкчы шаарында катуу жааган мөндүр аралаш жамгырдын кесепети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балыкчыда мөндүр аралашкан жамгыр аялдын өлүмүнө себеп болду
"Айылдаштарымдын көбү насыя алышкан. Анан калса арпанын үрөнүн карызга беришкен. Аны күзүндө беришибиз керек болчу. Эми эмне кылаарыбызды билбей башыбыз маң. Өкмөт жардамга кол сунуп, жок дегенде насыянын пайыздарын токтотуп турса сонун болмок. Колдон келсе насыянын убактысын кийинки жылга узартса элге чоң жардам болот эле", — деди Жапаров. 

Ал эми өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү учурда ӨКМ тарабынан атайын комиссия түзүлгөнүн, ал чыгымдарды иликтеп жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, комиссиянын чечиминен соң дыйкандарга жөлөк пул төлөнөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0