Олимпиадалык форма: коомчулук менен спортчулардын пикири

© Фото / Национальный олимпийский комитететРиодо кыргыз спортчулары үчүн тигилген кийим. Архив
Риодо кыргыз спортчулары үчүн тигилген кийим. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын атынан олимпиадалык оюндарга бара турган спортчуларга тигилген кийимдерди жактырбагандар чыгып жатат. Sputnik Кыргызстан агенттиги айтылып жаткан сындар канчалык деңгээлде негиздүү экенин аныктоого аракет жасады.

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. Бразилиянын Рио-де-Жанейро шаарында 5-21-август аралыгында Олимпиадалык оюндар өтөт. Анда Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышат.

Кыргыз республикасынын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Олимпиадага кийип барчу формалар: Кыргызстан логотиби жана 40 буюм
Кыргызстан эң ири спорттук иш-чарага даярдык көрүүдө. Эң маанилүү даярдыктардын бири катары кыргыз спортчулары үчүн тигилген кийим болуп эсептелет. Параддык форманы DILBAR, ал эми спорттук кийимдерди испаниялык Joma фирмасы тиккен. Социалдык тармактардын колдонуучулары даярдалган формаларга сын пикирлерин айтпай коюшкан жок.

Айрымдар параддык кийимдер адамды ысытарын айтып, тигилиши чапанга окшош экенин билдирип, спорттук кийимдер начар сапатта экенин жазып чыгышты. Мындан улам Sputnik Кыргызстан агенттиги спортчулар менен байланышып спорттук кийимдердин сапаты тууралуу суроо салды. 

© Фото / Национальный олимпийский комитететПрезентация олимпийской формы
Презентация олимпийской формы - Sputnik Кыргызстан
Презентация олимпийской формы

Руслан Царев, грек-рим күрөшү: "Мага дизайны жакты. Бирок андагы KGZ деген жазуу менимче бир аз түшүнүксүз болуп калган. Дегеним, мындай жазуу менен биздин мамлекетти ким таанымак эле? Буга чейин "Kyrgyz Republic" деп жазылып келген, эми өзгөрүп калыптыр. Ал эми жалпысынан алганда спорттук кийим жакшы эле". 

Дарья Маслова, жеңил атлетика: "Интернет колдонуучулары спорттук кийимдер жагымсыз, ал эми спортчулар начар экенин сынга алып жазып жатышат. Башкысы биздин мамлекеттин ысымы жазылып, желеги менен герби тургандыгы маанилүү эмеспи. Андан башка эмне керек? Спорттук кийимди жакындарыма көрсөттүм, аларга жакты".

Жанарбек Кенжеев, грек-рим күрөшү: "Негизинен спорттук кийимдер жакшы эле. Менин оюмча бул жерде эң башкысы биздин даярдыгыбыз. Быйыл костюмдарды башка дизайнер тикти, анын да өз билгени болсо керек". 

Уюштуруучулар спорттук кийимдер тууралуу

Улуттук олимпиадалык комитеттин мурдагы башкы катчысы, Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Канат Аманкулов Sputnik Кыргызстан агенттигине буга чейин спорттук кийимдердин өңү түсү жуулганда бат эле өчүп калганын ырастады. 

"Бирок быйыл андай көрүнүш болбойт. Себеби киймдер эң мыкты сапатта тигилген", — деп билдирди Аманкулов. 

Ал эми параддык кийимдер кийизден эмес заманбап кездемеден тигилгендиктен спортчулар ысыбай тургандыгын айтты. 

Рио олимпиадасындагы волонтерлор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз спортчуларынын Риого сапары: оюн учурундагы шарт, жагдайдын чоо-жайы
"Бразилияда аба ырайы 30 градуска чейин ысык болуп жатканы айтылууда. Бирок учурда Бразилияда кыш мезгили. Анда аба ырайынын температурасы 20 градустан ашпай турат. Мындан тышкары олимпиадалык оюндун ачылыш аземи океандын жээгинде кечки саат 20.00 башталат. Мунун бардыгы эске алынган. Дизайнерлердин эң мыктылары тандалган", — деп кошумчалады Мамлекеттик агенттиктин жетекчиси. 

Бир спорттук комплектте 24 түрлүү кийим-кечек бар, анын баасы 40 миң сомду түзөт. Спортчулар толук комплектке ээ болушса, машыктыруучулар жарымын алышат. 

Толук экипировка төмөндөгү кийимдерди камтыйт: үч спорттук кийим, эки баштык, футболка, кепка, ич кийим, бут кийим, байпак, сүлгү жана башка керектүү нерселер камтылган. Бардыгында Кыргызстандын логотиби түшүрүлгөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0