Кадыр Маликов "Кайран эл кайда баратабыз?" баннери кооптуулук жаратарын айтат

Жазылуу
Теолог диний негиздеги баннерден улам социалдык тармактарда жек көрүү жана кемсинтүүлөр болуп жатканын айтат.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Теолог, саясат таануу жана ислам изилдөөлөрү боюнча доктор Кадыр Маликов бир тарабына улуттук кийимчен аял, экинчи тарабында паранжа кийген аялдын сүрөтү түшүрүлгөн Бишкекте илинген баннер боюнча билдирүү таратты. Баннердин ылдый жагында "Кайран эл кайда баратабыз?" деп жазылган.

Маликов бул баннерди чагымчылдык аракет катары баалап, анын айланасында болуп жаткан кызыл-чеке талкууну "коомду ала салдыруу боюнча атайын буйрутма" деп атады.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: мусулманчылыкты кыргыздын салттары менен шайкеш келтирип жашоо зарыл
"Урматтуу ага-ини, эже-карындаштар, чагымчылдыкка алдырбагыла. "Кайран эл кайда баратабыз?" деген суроо чагымчылдыкка окшоп жатат, ал коомдун биримдигине терс таасир бериши мүмкүн. Укук коргоо органдарын (өзгөчө УКМКны) бул баннерге жана аны жасаткандарга көңүл бурууну суранам. Кылмыш жаза кодексинин 299-беренесине (Диндер аралык жек көрүүчүлүктү тутантуу, диний ишенимдерди шылдыңдоо) ылайык, мындай аракеттер элди эки жаатка бөлөт. Бул абдан опурталдуу нерсе", — деп Маликов өзүнүн Facebook баракчасына жазды.

Ал ошондой эле Исламдын негизин билбей туруп, диний атрибуттарга жана динге ишенгендерге карата агрессия өтө терс жыйынтыктарга алып келе турганын билдирген.

"Социалдык тармактарда диний негиздеги жек көрүүчүлүк жана басмырлоо кайтадан күч алууда. Бардык жарандар коомду тынчтыкты жана туруктуулукту жана мыйзамдуу тергөөнү, ачык айкын жоопко тартууну каалайт. Мындай аракеттер Германиянын канцлери Ангела Меркелдин Бишкекке болгон сапары алдында болуп жатабы", — деп ал суроо салат.

Дин таануучу өзүнүн билдирүүсүндө "эмне үчүн кишилерди жакшылыкка чакырган баннерлерге каражат коротулбайт" деп суроо салган.

Жаңылыктар түрмөгү
0