Сойкулукту соолутуу жөнүндөгү демилгенин ой-чуңкуру. Эксперттер ой толгойт

© AFP / VALERY HACHEКыска юбка кийген аял. Архив
Кыска юбка кийген аял. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчөлөрдү сойкулардан тазалоону ишке ашыруунун мүмкүнчүлүгү канчалык? Кыргызстанда мыйзамдуу түрдө сойкулук кылса болобу? Бул жөнүндө юрист, теолог, саясат таануучу жана милиционер ой толгойт.

БИШКЕК, 19-июн. — Sputnik. Бишкектин ШИИБ жетекчисинин милдетин аткаруучу Самат Курманкулов жакында эле борбор калааны сойкуларда бир жума ичинде тазалайм деп убада кылды. Ал биринчи кезекте "түнкү көпөлөктөр" топтошуучу Ибраимов/Кулатов жана Ибраимов/Фрунзе көчөлөрүнүн кесилиштеринде иш жүргүзүлөрүн белгилеген. Азыр тартип сакчылары "Көпөлөк" деген ат менен атайын рейд жүргүзүүдө.

Борбор калаанын милиция башчысы жана эксперттер сойкулукка каршы кантип күрөшүү керектиги жана мунун деги эле эмне кереги бар экени туурасында Sputnik Кыргызстан кабарчысына айтып беришти.

Самат Курманкулов. Биздин милиция бизди коргойт

— Самат Ажыгулович, сойкулукту чын эле такыр жойсо болобу? 

— Милициянын милдети коомдук тартипти сактоо. ШИИБ муну аткарат. Учурда калаа тургундарынан арыздар түшүүдө — эл көчөлөрдөн сойкуларды алып салгыла деп жатат. Борбор калаанын тургундары жана меймандар кичине балдардын алдында бети кызарбай жай-баракат сейилдеши үчүн биз муну жасайбыз. 

— Кандай чаралар көрүлүп жатат?

— Орозо айынын жана туристтик сезондун башталышы менен ШИИБ профилактикалык иш-чаралар планын иштеп чыккан эле. Ошонун негизинде жеңил ойлуу кыздар эң көп чогулчу жерлерде рейддер жүрүп жатат. Биринчи эле күнү милицияга 25 кыз алып келинди, алардын баары ИИБде каттоого алынат.

— Анан ошол чаралар эле жетиштүүбү?

Снайперлер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Снайпер, сойку, стриптизер — "жашыруун" иштеген кыргызстандыктар
— Оперативдүү жана профилактикалык иштер улантыла берет, бирок сойкулукту деги эле көрүнүш катары түп-тамырынан жок кылуу өтө кыйын. Аларды дайыма топтошчу жерлеринен кууп жиберсек, башка жерге барып туруп алышат, же такыр эле өз ишин көмүскө жасаганга өтүшөт. Андыктан сойкулукка каршы баарыбыз чогуу – коомдук көзөмөлдүн жардамы менен күрөшүү зарыл. Бу көрүнүштү коомчулук өзү жоюшу керек.

— Бул эмнени билдирет? Секс-жумушчуларын жайгашкан жерлеринен шаардыктар өзүлөрү куушу керекпи?

— Албетте, жок. Биз жөн гана тургундарга четте карап турбастан, сойку кыздарды сүрөткө тартып, нөөмөт бөлүмүнө жиберип турууну сунуштап жатабыз. Бул бизге тезирээк чара көрүүгө жардам берет. Негизи андай фактыларга туш болгондо сөзсүз милиция чакыруу керек. 

— Андай билдирүүлөргө эч чара көрүлбөгөн учурлар болгон… 

— Телефонго жооп берген нөөмөтчү өз атын-жөнүн аташын талап кылгыла. Эгер чара көрүлбөй турган болсо, жеке мага кайрылсаңар — өзүм териштирем. 

— Сойкулукту Бишкекте такыр жок кылууга болоруна сиз чын эле ишенесизби?

— Мен милиционермин, элге кызмат кылышым керек. Активдүү жарандык көзкараш менен коомдук пикир гана бузукчулукка каршы тура алат. Ооба, айрым жагдайлар ишке тоскоол болууда. Биздин мыйзам, мисалы, мындай тартип бузууларга өтө жумшак карайт: сойкулук үчүн кылмыш жазасы да, административдик жоопкерчилик да каралган эмес. Андыктан "түнкү көпөлөктөрдү" бейбаштык беренеси боюнча жазалоого туура келип жатат. Сойкулукка тарткандык үчүн берене бар, бирок анын мүчүлүштүктөрү көп. 

Де-юре

"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник Кыргызстандын мыйзамдарында сойкулук үчүн жаза каралбаганын ырастады.

"Кылмыш жаза кодексинде 260-берене ("Сойкулук кылууга тартуу") жана 261-берене ("сойкулук кылуу үчүн жайларды уюштуруу жана кармоо") беренелери бар, бирок өз денесин сатуу фактысы боюнча берене жок. Ошон үчүн милиционерлер сойку кыздарды бейбаштык же коомдук жерде тамеки чеккендиги үчүн кармашат", — деди Плужник.

Бул көрүнүшкө каршы чындап күрөшүү үчүн кодекске Советтер Союзунун мыйзамында болгон беренени кайра киргизүү керек, ал аз болсо да натыйжа берчү деп белгиледи ал.

"Ал беренени колдонуу менен да сойкулукту толук жоюу мүмкүн эместигин моюнга алуу керек, себеби акылуу секс-кызматын көрсөттү деген фактынын өзүн укуктук жактан далилдөө өтө кыйын", — деп белгилейт юрист.

Плужник айрым эксперттер айтып жаткандай сойкулукту мыйзамдаштыруу Кыргызстанда мүмкүн эмес, ага жергиликтүү менталитет туура келбейт деп баса белгиледи. 

Ардагердин пикири 

Күч кызматынын ардагери Дмитрий Федоровун айтымында, сойкулукту жоюу аракеттери көп эле көрүлөт, бирок бул көрүнүштүн кесепети эмес, себептери менен күрөшүү керек. 

"Бул маселени жаза чаралары аркылуу эле чечүүгө болбойт. Милиция сойкулукту кайсы бир чекте кармап тура алат дечи, бирок чынына келгенде, мындай күрөш анын милдетине кирбейт. Укук коргоо органдарынын андан маанилүү иштери бар, ал эми ашыкча күч-каражат, тилекке каршы, жок", — дейт Федоров.

Күч кызматкерлерин майда административдик укук бузуулар менен алаксытууга болбойт, деди ал. 

Кол кишен. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖМК: Индияда кыргызстандык кыз сексуалдык кулчулуктан бошотулду
"Эгер мамлекет бул маселени артыкчылыктуу деп эсептесе, комплекстүү программа иштеп чыгып, профилактига басым жасаш керек. Ишти калктын турмуш-шартын жогорулатуудан, башкысы — окутуп-тарбия берүүдөн баштаган жакшы", — деп кошумчалады эксперт.

Бардык, айрыкча демократиялык өлкөлөрдө кылмыштуулуктун же адеп-ахлак тартиптерин бузуунун бир да түрүн такыр жок кылуу мүмкүн эмес, көпчүлүк учурда аларды жарым-жартылай же толук мыйзамдаштыруу менен гана алардын кылмыштуулук мүнөзүн жоюуга болот, деп белгиледи ал.

Облико морале

"Чыгыш-Батыш стратегиясы" аналитикалык борборунун жетекчиси Дмитрий Орлов сойкулук, баңгилик жана кумар оюндарына берилгендик — бир катарда турган көрүнүш деп эсептейт. 

"Адамзатынын бузукчулук жүрүм-туруму адам жер жүзүндө жашап турганда эч качан жоголбойт. Сойкулукту такыр жоюп салуу мүмкүн эмес, бирок анын кылмыштуулугун жана коомго келтирген залакасын азайтса болот", — деди Орлов.

Бул үчүн аны мыйзамдаштырып, иретке келтирип жана алынган каражатты мамлекеттин пайдасына жумшаш керек, деп белгиледи ал. 

"Кыргызстанда бул канчалык мүмкүн экени — башка суроо. Аны жоюунун негизи мыйзамдаштыруу эмес, социалдык тармакты өнүктүрүү, мисалы, иш менен камсыз кылуу болушу керек", — деп баса белгиледи эксперт.

Орлов социалдык жетишкендиктер менен коомдун моралдык маанайындагы өзгөрүүлөр гана сойкулукту такыр жойбосо да, жок дегенде, болочок муундарга анын терс таасирин олуттуу кыскартат деп эсептейт. 

Видеокаттоо камералары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэр Бишкектин жака-белине видеокаттоо камераларын орнотууну сунуштады
Саясат таануучу Марс Сариев да сойкулукту такыр жок кылуу мүмкүн эмес деген ишеничте.

"Милиция көрүп жаткан чаралар жөн эле популизм. Бул деген эң байыркы кесип да! Адамзаты жакынкы арада "сүйүү күңдөрүнүн" кызматынан баш тартат дегенге ишенбейм", — деди Сариев.

Өлкөдө жашоо деңгээли көтөрүлүп, социалдык көйгөйлөр азаймайынча, эң байыркы кесиптин өкүлдөрүнүн катары үзгүлтүксүз толуктала берет деп эсептейт ал.

"Кыргызстан экинчи Швейцария болду деген күндө да, жергиликтүү "түнкү көпөлөктөрдүн" ордун башка өлкөлөрдүн кыздары басат", — деп кошумчалады саясат таануучу.

Анын пикиринде, маселени мыйзамдаштыруу чечмек. Аны менен катар бюджетке бир топ акча түшүп, чындап эле бул көрүнүштүн кылмыштуулүк мүнөзү жоюлмак — секс-кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топторго акча төлөбөй жана күч кызматкерлерине пара бербей калышат эле дейт эксперт.

"Бирок биздин менталитет мыйзамдаштырууга эч мүмкүндүк бербейт жана коомдун радикалдуу маанайдагы бөлүгүн терс иш-аракеттерге түртүшү мүмкүн", — деди ал.

Теологдун көз карашында

Окумуштуу дин таануучу Кадыр Маликов ислам сойкулук сыяктуу көрүнүштөргө кескин терс карай турганын эскертти.

"Шариат боюнча бул — күнөө, ал үчүн жазалоо керек. Куранда жана хадистерде турмушка чыкпаган аялды сойкулук үчүн 100 жолу таяк менен уруш керек деп айтылат. Эгер сойкулукка турмушка чыккан аял барса, күнөөсү андан да күчтүү болот, аны таш бараңга алып өлтүрүш керек деп айтылат", — деди Кадыров. 

Теолог иш жүзүндө мындай жаза колдонулбашы керектигин, бул күнөө канчалык оор экенин көрсөтүш үчүн гана жазылганын белгиледи. 

"Сойкулук байыртан эле бар, аны такыр жок кылуу мүмкүн эмес. Коом өзү ана аны чектеп, мүмкүн болушунча азайта алат", — деди Маликов.

Бул көйгөй социалдык жана руханий мүнөзгө ээ, андыктан аны менен күрөшүү үчүн репрессивдүү да, алдын алуучу да ыкмаларды колдонуу керек деп белгиледи ал.

Жаңылыктар түрмөгү
0