Бишкектин борборундагы үйлөрдү түрттүрүү — таңуулообу же заман талабыбы

Жазылуу
Архитектор, мэрия, шаардыктар жана юристтер Бишкектеги эски имараттарды бузуу боюнча пикир айтышты.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңеште Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашкан эски имараттарды түрттүрүп, ордуна заманбап үлгүдөгү курулуштарды тургузуу боюнча мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду

Мыйзам долбоорун "Ата Мекен" фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз, Алмамбет Шыкмаматов, Сайдулла Нышанов, Абдимуктар Маматов, Айсулуу Мамашова жана Бахадыр Сулейманов демилгелеп жатышат.

Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эски үйлөр кандайча түрттүрүлөт? 10 суроо-жооп
Алардын айтымында, мыйзам долбоорунун максаты борбор калаанын көрүнүшүн замандын талабына ылайык келтирүү болуп эсептелет. 

Мыйзам долбоору борбор калаанын Карпинский, Линейный көчөлөрү, Жибек Жолу проспектиси жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакты Бишкек шаарынын тарыхый борбору катары аныктап, аталган аймактагы эскилиги жеткен имараттарды алып таштоо, бузуу жолу менен Бишкек шаарынын тарыхый борборун реконструкциялоого жана өнүктүрүүгө багытталган.

Демилгечи депутаттардын белгилешинче 1996-жылга чейин курулган курулуштар түрттүрүлөт.

Турак-жайы сүрдүрүлө турчу тургундарга компенсация төлөнөт. Ошол эле учурда бул аймактагы эски курулуштардын баасын чайкоочулардын көтөрүп жибербеши үчүн көзөмөл күчөтүлөт.

Архитектор эмне дейт

Кыргызстандын архитекторлор союзунун төрагасы Алымбек Абдраимовдун айтымында, мыйзам долбоору ири курулуш компанияларынын кызыкчылыгын таңуулап, жеке сектордогу кыймылсыз мүлктүн баасын төмөндөтүүгө багытталган.

"Архитектор катары мен колдойм. Бишкекке жаңы заманбап көрк берүү үчүн мындай мыйзам керек. Бирок катардагы жаран катары каршымын. Бул мыйзам менен жеке турак-жай ээлеринин укуктары бузулат", — дейт ал.

Ар бир жаран өзүнүн мүлкү үчүн жетиштүү каражат алгысы келерин билдирген Абдраимов депутаттардын берген сунушу жеке менчик ээлеринин мүлкү базар баасынан айырмаланат дегенди каңкуулап жатканын айтат. Бул бир гана куруучу тарапка ыңгайлуу дейт ал.

"Жаңылануу процесси организмдегидей кадимки ыкма менен болушу керек. Эски клеткаларды жаңылары алмаштырышы зарыл", — деди Абдраимов

Ал мындай мыйзам долбоору керектигин, бирок жарандардын укугун бузбагыдай кылып жети өлчөп бир кесилиши керектигин баса белгиледи.

Мэрия эмне дейт

Бишкек мэриясынын маалымат кызматынын башчысы Гуля Алмамбетова мыйзам долбоору биринчи кезекте жеке турак-жай ээлеринин кызыкчылыгын камтый турганын айтат.

"Кызыктай мыйзам долбоору болуп калды. Статистикалык маалыматтар боюнча шаардын борборунда 104 миңдин айланасында жер там бар. Анын 18-19-пайызынын эскилиги жеткен. Бирок деталдуу отчет жасалбагандыктан мэрияда так маалымат жок. Анан калса аларды көчүрүү же жаңы кичи райондорду куруу программасы жок. 25 жылдын ичинде бир да жолу капиталдык курулушка каражат бөлүнгөн эмес", — дейт Алманбетова.

Көп кабаттуу үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Депутаттар аскер кызматкерлерине үйлөрдү биротоло берүүгө макул болгон жок
Ал ошондой эле шаардын борбору деп "Аска-Таш" комплексинен (батыш тарап) Чолпон-Ата көчөсүнө чейин (чыгыш) жана Ленинград көчөсүнөн (түндүк) Ахунбаев көчөсүнө (түштүк) чейинки төрт бурчтук эсептелерин белгиледи.

"Эгер депутаттар мыйзамда жер тамдын ээлерине турак-жайларын кайтарып бериле турган акча жана жолун так көрсөтсө мэрия аны аткарат. Мындай кадамдар мыйзам кабыл алынган күндө гана жасалат", — деди ал.

Тынчсызданган шаар тургундары

Шаар тургуну Кубанычбек Жумабек уулу негизинен мыйзам долбоору менен макул экенин айтат, бирок ал эскилиги жеткен үйлөр канчага баалана тургуна кабатыр болууда.

"Шаарды жаңылоо керек, ага кошулам. Бирок анын баасы канча болот? Эгер мамлекет мыйзамдын күчүнө салып, курулуш компаниялары үчүн эң баалуу болгон жерлерди алып баштаса ал баскынчылык эле болуп калат. Жер тамдын ээси үй жаңы батир сатып алууга жеткидей каражат сунуштап сатып алса жасай берсин", — дейт шаар тургуну.

Жумабек уулунун пикири менен өмүр бою Бишкекте жашаган Клара Бейшенбаева макул эмес, ал эски курулуштарды бузбоо керектигин айтат.

"Мен шаардын борбордук бөлүгүнүн жаңыланышына каршымын. Бул жерде канчалаган муундун эскерүүлөрү бар. Жаңы шаарды курушсун. Москвада, Алматыда, Ташкентте "эски шаарды" сактап калышты го. Учурда ал жерлер абдан кооз", — дейт Бейшенбаева.

Бишкек шаарынын дагы бир тургуну Сергей Савчук калаанын борборуна маданий жана билим берүү имараттарын курса гана болорун айтат.

"Шаар базар болуп калды. Бардык жерде соода борборлору. Театр, университет, бала бакчаларды шаардын ортосуна салып, соода борборлорун шаар тышына чыгаруу керек. Ушундай жол менен гана шаардын көрүнүшүн оңдой алабыз", —деген сунушун билдирди. 

Де-юре

"Вигенс" укуктук борборунун президенти Владимир Плужник мыйзам долбоорунда конституциялык укуктун бузулушу жок экенин айтып, шаар курулуп жана өнүгүшү керектигин айтат.

"Мыйзам долбоору юридикалык жактан эч кандай өзгөрүүгө учурабастан Жер кодексинин жобосун улантат. Ага ылайык жер тилкеси соттун чечими менен социалдык маанилүү болгон курулуш үчүн алынышы мүмкүн", — дейт ал.

Плужник башкы маселе бул жерлерге кандай маанидеги курулуштар курула турганы жана мыйзамдын кандай аткарыларында жатарын баса белгилейт.

Бишкекте турак жайдын баасы түшүүдө! Үйлөр июлга чейин арзандайт
"Мектеп, балдар бакчасы же театрдын ордуна коммерциялык багыттагы курулуштар курулуп калышы ажеп эмес. Мына дал ушундай нерселер мыйзамда так жазылышы керек", — дейт ал.

Плужник бул мыйзам долбоорунун кабыл алынып калышы толук ыктымал экендигин айтып, эгер кабыл алынбай турган болсо да соттун чечими менен жөлөк пул төлөнүп бул жер тилкелери алынышы мүмкүндүгүн айтат. Ал баарынан кыйыны — жер баасынын бычылышы экенин баса белгиледи.

Депутаттар түрттүрүүгө сунуштап жаткан эски үйлөрдүн картасын Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0