УКМКнын экс-башчысы: Москвада даярдалган терактылар кайдыгерликтин натыйжасы

Жазылуу
Эксперттин пикиринде Москвада 9-майга карата жардырууну пландагандардын арасында кыргызстандыктардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш.

БИШКЕК, 6-май — Sputnik. Террордук ячейкалардын жанданышы биздин "баш-аягыбызды" жыя албаган 90-жылдардагы кайдыгерлигибиздин жыйынтыгы. Бул туурасында УКМКнын мурдагы жетекчилеринин бири Sputnik Кыргызстан менен маектешип жатканда билдирди.

Абактагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сот: 9-майда Москвада жардырууну пландагандардын бири — КР жараны болуп чыкты
Шаршемби күнү Федералдык коопсуздук кызматынын өкүлдөрү май айындагы даталуу күндөрү Москва жана Подмосковье аймагында майрамдап жүргөн жай жарандарды аткылоону пландаган Борбор Азия өлкөлөрүнүн атуулдарын кармагандыгы боюнча маалымат тараган. Кармалгандар мындай иштерди Сирия жана Түркиядагы эл аралык террордук уюмдардын башчыларынын тапшырмасы менен жасамак болушкандыгы айтылган.

Кармалгандардын бирөө Кыргызстан жараны, ал эми үчөө Кыргызстанда туулган, бирок башка мамлекеттин атуулдугун алган кишилер болуп чыкты.

Эксперттин айтымында, кармалгандардын КРдин атайын кызматынын тизмесинде турган-турбаганы боюнча маалыматы жок. Кыязы, алар өлкөнүн түштүгүндө жашаган ар кыл экстремисттик топтордун таасири күчтүү болгон этникалык өзбек улутундагы жарандар.

 "Жаңы курмандыктар тез алданат жана террорчулар аларга жан кечти катары милдет тагып, тапшырма берип жөнөтүшөт. Бул кишилердин Кыргызстанда ишмердүүлүгүнө тыюу салынган уюмдарга тиешеси болушу толук мүмкүн. Жардырууну пландагандардын арасында кыргызстандыктардын болушу мыйзам ченемдүү көрүнүш ",— деди Иманкулов. 

Эксперт экстремисттик маанайдагы топтор Кыргызстанда өткөн кылымдын 90-жылдарында түптөлө баштаганын билдирди. Ошол учурда алардын эртелеп пайда болушуна олуттуу мамиле жасалбагандык ал мезгилдерде жашыруун түзүлгөн ячейкалардын азыркыдай активдешүүсүнө алып келди.

"Мындай ячейкалар Кыргызстанда, Борбор Азия өлкөлөрүндө жана Россияда бар. Алар керектүү учурларда баш көтөрө калат. Жашыруун иштеп, жаңы тарапкерлерин таап жана ар бир кадамын берилген көрсөтмө аркылуу гана жасашат",— деди генерал-майор.

Анын айтымында, учурда экстремизм жана террорчулукка каршы күч аркылуу гана эмес, коомчулукту тартып да күрөшүү зарылдыгы турат.

Абактагы соттолгон жарандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Экстремизм, терроризм менен соттолгондор абакта эми бөлөк кармалат
"Биз кылымдар бою эл арасында калыптанып, сакталып келген салт-санаалар аркылуу каршы турган идеология түзүп, азыркы экстремиттердин тилегин таш каптырышыбыз керек. А бул деген — диний сабаттуулукту элдин арасында гана эмес, адистердин арасында да жүргүзүү зарыл. Коомчулуктагы социалдык шарттарды жакшыртуу, криминалдык деңгээлди азайтуу сыяктуу иштер турат. Ушундай жолдор менен гана элдин аң-сезиминдеги экстремисттик ойлор менен андай уюмдарга болгон кызыгуунун тамырын үзө алабыз",— деди эксперт.

Ал Сирияда өкмөттүк аскерлер менен кошо Россиянын Аба космостук күчтөрүнүн операциялары жасалгандан тарта "Ислам мамлекети" террордук уюмунун согушкерлери өздөрүнүн мекендерине кайта баштагандыгын белгиледи. Бир нече убакыттан кийин Борбор Азия мамлекеттериндеги алардын активдешүүсү күтүлүүдө деген пикирин айтты. Эксперт андыктан атайын кызматтар, күч түзүмдөрү жана коомчулук бул кездешүүгө даяр турушу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0