Батирлерди суткалап ижарага бергендерге 100 миң сом айып салуу сунушталууда

Жазылуу
Жогорку Кеңештин депутаттары батирлерин суткалап ижарага бергендерди тез арада токтотуу керектигин айтышууда.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Эл өкүлү Кожобек Рыспаев көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерди суткасына же саатына ижарага бергендерге айыпты күчөтүү боюнча мыйзам долбоорун сунуштады.

Ага ылайык, көп кабаттуу үйдөгү батирлерди башка максатта ижарага берген жарандарга 5 миӊ сомдон 100 миӊ сомго чейинки өлчөмдө административдик айып салынмакчы.

Демилгечи Кожобек Рыспаев Sputnik Кыргызстан агенттигине турак жайларды ижарага берүү көйгөйлөрүн жөнгө салуу маселеси эбак эле бышып жетилгенин билдирди. 

Курулуп жаткан үй. Архив - Sputnik Кыргызстан
Былтыр 11,1 миң батир курулуп, колдонууга берилген
"Буга чейин мыйзам боюнча көп кабаттуу үйдөгү батирлерди суткалык ижарага берүүгө тыюу салынган. Анткен менен шаарыбызда батирлерин саатына, суткасына ижарага бергендер абдан көбөйүп кетти. Аталган жайлар притондорго айланып, анда адам өлтүрүүлөр болуп жатат. Бул маселени батыраак жөнгө салбасак, ыплас иштер көбөйүп кетти. Ошондуктан батирлерин суткасына же саатына ижарага бергендердин жоопкерчилигин көтөрүп, жарандарга беш миңден сегиз миң сомго чейин, ал эми юридикалык жактарга 50 миңден 100 миң сомго чейин айып салууну сунуштап жатам", — дейт депутат. 

Рыспаев бул мыйзам долбоору көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлерге гана тиешелүү экенин, мыйзам боюнча уруксат алып кызмат көрсөтүп жаткан мейманканалар ишин уланта берерин айтты.

"Маселени оң жагына чечүү үчүн Ички иштер министрлиги жардамга келүүсү керек. Тургундардын арызынын негизинде ыкчам түрдө барып, 5 миң сомдон 100 миң сомго чейин айып салса, экинчи батирлерин ижарага бербей калмак", — дейт Рыспаев. 

Банк карталары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Накталай эмес төлөмдөрдү ишке ашыруу Бишкекте жолго коюлуп жатат
Бул демилгени эл өкүлү Мирлан Жээнчороев колдоого алды. 

"Кожобек Рыспаевдин сунушун колдойм. Батырак маселени оң жагына чечүү зарыл. Менин маалыматымда батирлерин суткалап бергендер айына 100 миң сомго чейин пайда көрүшөт. Ошондуктан айыпты көтөрүү керек. Беш миңден сегиз миңге чейин эмес, 25 миң сом кылуу зарыл", — дейт Жээнчороев. 

Башка бирөөнүн батирин өзүм жашайм деген кеп менен бир жылга ижарага алып, аны суткалап ижарага берип иштеген Азирет Чыныбеков (аты өзгөртүлгөн) айына 30 миң сомго чейин пайда көрөрүн билдирди.

"Мен эки батир алып, аларды ижарага берип иштетем. Чындыгында оор эле. Анткени кардарлар күн-түн дебей келе беришет. Күн сайын барып шейшептерин жууп, батирди тазалап туруу зарыл. Мындан сырткары кошуналар арызданышат. Кээде кардарлар мас болуп алып эмеректерди талкалап кетишет. Эки батирди кошкондо орто эсеп менен айына 30 миң пайда көрөм", — дейт Чыныбеков.

Ал мыйзам долбоору кагаз бетинде гана кала берет деген ойдо. Анткени батирлерди ижара бергендер абдан көп. 

Эл өкүлү Дастан Бекешов бул демилге азырынча чийки экенин Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. 

"Бул мыйзам долбоорун комитетте караганыбызда мен өз сунушумду айткам. Ооба, батирлерди суткалап ижарага бергендерди токтотуу зарыл. Бирок милиция кызматкерлери кирип үйлөрдү текшерүүсүнө каршымын. Анткени коррупция өрчүп кетиши мүмкүн", — дейт Бекешов. 

Буга чейин Бишкек шаарынын мэриясы "Чыгыш-5" кичи районунда жайгашкан №19 үйдө батирлерди суткалап ижарага берген жеке ишкер Марина Хмельницкаянын үстүнөн сотко арыз жазып, аны утуп алган. Соттун чечимине ылайык, "Чыгыш-5" кичи районундагы №19 үйдөгү батирлерди ижарага берүү тыюу салынган. Анткен менен жергиликтүү тургундар аталган үйдө суткалап ижарага берүү улантылып жатканын айтышты. 

Бишкек шаарында суткага же саатына батир табуу кыйын эмес. Аларды интернет аркылуу издегенибизде дароо жайнап чыкты. Бир бөлмөлүү батир саатына — 200 сомдон 400 сомго чейин турат. Ал эми бир бөлмөлүү батир бир түнгө — 1000 сомдон 1500 сомго, суткасына — 2000 сомдон 3000 сомго чейин берилет. Ал эми эки же үч бөлмөлүү батирлер бул суммадан эки эсе кымбат турат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0