Сариевдер Сариевдер жөнүндө эмне дейт

Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев менен Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын ишмердүүлүгүнө саясий серепчи Марс Сариев, айдоочу Мирбек Сариев, "Чапан" студиясынын жетекчиси Жумагүл Сариева жана "СВТ Чоң Кемин" туризм компаниясынын мүдүрү Жаныбек Сариев баа берди.

Өкмөт башчы Темир Сариев бүгүн, 11-апрелде өкмөттүн чукул жыйынында кызматтан кетерин жар салды. Ал мындай кадам өкмөт менен Жогорку Кеңештин ортосундагы чыңалган абалдын алдын алуу үчүн жасалып жатканын белгиледи. Мыйзам боюнча өкмөт башчы жумуштан кетери менен өкмөт мүчөлөрү кызматтан бошойт. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги Темир Сариев менен Элвира Сариевага башка Сариевдер кандай баа берерине кызыгып көрдү.

Марс Сариев, серепчи: 

Өкмөт мүчөлөрү отставкага кеткен Темир Сариевди ордунан туруп кол чабуу менен узатышты
— Мен Темир Сариев бийликке жаңы келгенде азыркы абалга келерибизди болжогом. Себеби форс-мажор, же күтүлбөгөн бурулуштар болуп кетсе, ал соккуну өзүнө ала албайт. Анткени анын артында турчу партиясы жок. Эгер туура эмес кадамга барса, президенттин партиясына доо кетет. Үңкүр-Тоо боюнча чыр Сариевдин бетине көө жапты десем адашпайм. Бул кадам президентке да залалын тийгизди. Анткени түштүк элинин электоратын жоготуп алышы мүмкүн. Бул маселе боюнча анын күнөөсү бар, жок экенин айтуу кыйын. Анткен менен ал жактагы эл тактап отурбайт. Экинчиси — тендер боюнча чыр дагы залалын тийгизди. Күнөөсүнүн бар-жогуна карабай баары бир командасы үчүн жооп бериши керек. Ушул кадамдары үчүн ал бийликке жакпай калды. 

Ал эми жакшы жактарын айтсам өзүн кризис менеджери катары жакшы көрсөтө алды. Өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү менен өзгөрүүлөрдү күткөнбүз. Бирок дүйнөлүк кризистин арты менен күтүлгөн нерселер акталган жок. Анткен менен өлкөнү бир калыпта кармап, ийгиликтүү иштей алды. Ал эми Билим берүү жана илим министри Элвира Сариева өкмөттүк эмес сектордон келгендиктен жаңы адам катары өзгөртүүлөрдү алып келди. Аталган министрликте көп жылдан бери калыптанып калган коррупциялык системалар бар, аны заматта өзгөртүү мүмкүн эмес. Башкаруу тажрыйбасы жок туруп, реформаларды жасап жатат.

Жумагүл Сариева, "Чапан" студиясынын жетекчиси: 

Кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министрликке коомчулук сунуштап жаткан төрт талапкер
— Темир Сариев менен бир жолу Нарынга чогуу барып калганбыз. Жеткенче жолдогу абал менен таанышып барды. Жөн гана таанышпастан майда-чүйдөсүнө чейин сурап, тактап жатканын көрүп баа бергем. Биз Нарынга жетерибиз менен чарчап, үйлөргө кетсек, ал ишин улантып, Ак-Талаа тарапка кеткен. Жакшы жигит. Иштөөгө убакыт берсе болмок. Ал эми Элвира Сариеваны жакшы тааныбайт экенмин. Балдарым мурункудай эле мектепке барып келишет. Анын бийликке келгенин байкаган да жокмун.

Жаныбек Сариев, "СВТ Чоң Кемин" туризм ишканасынын мүдүрү: 

— Менин пикиримде Темир Сариев жакшы иштеди. Ал өлкөнүн экономикасын бир калыпта кармап турду десем болот. Эсепке жакшы экен. Ар убак экономикалык маселелерди көтөрүп келет. Үңкүр-Тоо боюнча айта турган болсом, анын күнөөсү далилденген жок. Ал эми терс жагы — өз алдынча иштей албады. Бирөөлөрдөн көз каранды болуп иштегендей сезилет. Ал эми Элвира Сариева тууралуу эч нерсе айта албайм".

Мирбек Сариев, маршрутка айдоочусу: 

— Темир Сариевдин премьер-министр болгонун сезген да жокмун. Мага мурунку өкмөт башчылардын иштегени жаккан. Жолдор оңдолуп жатат, бирок буга анын тиешеси жок болсо керек. Ал эми Элвира айым болсо жаңы форма киргизди. Бирок кыйратып иштегенин сезбедим". 

Темир Сариев 2015-жылдын 2-майында премьер министр болуп бекиген. Ал эми Элвира Сариева 2014-жылдын 20-декабрында Билим берүү жана илим министри болуп дайындалган.

Сариевдин премьерлиги эмнеси менен эсте калды: демилгелер, ийгиликтер жана "бармак тиштеген" учурларын Sputnik Кыргызстан агенттигинин инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0