Бири бээ, бири төө деп жыйынтык чыгарган лабораторияларга министрлик чара көрө албайт

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЛабораториялык изилдөө. Архив
Лабораториялык изилдөө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саламаттык сактоо министри өз канын он лабораторияга тапшырганда, анализдин жыйынтыктарынан айырма байкалган. Бул факт катары далилденгени менен министрлик эч кандай чара көрө албай турганын билдирди.

БИШКЕК, 8-апр. – Sputnik. Кош бойлуу окурман Айпери Убыкеева Sputnik Кыргызстан агенттигине менчик лабораториялардын бирине кан тапшырса, алар туура эмес жыйынтык чыгарып бир үй-бүлөнү кайгыга батырганын айтты. 

"Мамлекеттик лабораторияга барып анализ тапшыргам. Бардыгы таза деп чыккан. Дарыгерим дагы бир ирет кан тапшыруу керек экенин айтты. Жеке менчик лабораториялардын бирине кайрылсам, "С" геппатити менен ооруйсуң деген жыйынтык чыгарып беришти. Аны уккан жолдошум, ата-энем, жакындарым абдан тынчсызданып жатышат", − дейт Убыкеева. 

Ал башка лабораторияга барып кайрадан кан тапшырса, эч кандай оору жок экени маалым болгон. Ар кандай анализдерден чочулаган дарыгер дагы бир ирет текшеринип көрүүнү сунуштаган. 

"Эми төртүнчү ирет кан тапшырганы жатам. Сыягы дарыгерлер өздөрү деле лабораторияларга ишенбейт окшойт. Биринин артынан экинчисине жиберип жатышат", − дейт Убыкеева. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевге кайрылганда, дарыгерлер жоопкерчиликтен корккондуктан ар кайсы лабораторияга жибериши ыктымал экенин айтты.

"Негизи дарыгерлер жарандарды бир нече лабораторияларга жиберүүгө акысы жок. Бирок, экинчи жагынан аларды дагы түшүнсө болот. Туура эмес анализдин аркасынан жарандар жабыркабасын деп улам-улам тапшыртып жатышса керек", − дейт Батыралиев. 

Кан басымын текшерүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте "Ден соолукту сактоо жумалыгы" өтөт
Эске салсак, буга чейин министр Талантбек Батыралиев Бишкектеги лабораторияларга өз канын тапшырып, жыйынтыктарын салыштырып көргөн. 

"Беш мамлекеттик, беш жеке менчик лабораторияга өз канымды тапшырып көрдүм. Анализдин жыйынтыктарынан айырмалар чыкты. Мындан улам элдин арыз-муңу чын экенине көзүм жетти", — дейт министр Батыралиев. 

Ал ар түрдүү анализдердин чыгышы техникага эмес, адистердин кесипкөйлүгүнө байланыштуу экенин айтат. 

"Канды алгандан кийин аны сактоодо бирдей стандартты колдонуу керек. Мисалы, канды керектүү температурада жеткирбесе бузулуп кетет. Аны сактоонун да эрежелери бар. Айрым жерлерде канды топтоп туруп, бир жерге алпарып жатышпайбы. Мына ушундай жөнөкөй стандарттарды ишке киргизип, аны көзөмөлгө алуу керек", — деп кошумчалайт Батыралиев. 

Министрлер онкологиялык оорулуу балдар үчүн кан беришти
Анын берген маалыматына ылайык, Саламаттык сактоо министрлиги лабораторияларга лицензия бергени менен алардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө мыйзам чегинде акысы жок. Ушуга байланыштуу менчик лабораториялар лицензия алгандан кийин өтүгүн төргө илип жатат. 

Саламаттык сактоо министрлиги берген маалыматка ылайык учурда атайын жумушчу топ өкмөткө сунуш берүүгө даярдык көрүп жатат. Анда саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы департаментине же дагы башка органга лабораторияларды текшерүү укугун берүү сунушталганы жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0