Сариев отставкага кетеби же жокпу. Депутаттар менен эксперттердин пикири

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер-министр Темир Сариев. Архив
Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрымдар Сариев кетиши керек десе, кээси калышы керек деп эсептейт. Бирок баары тең премьер-министрдин кызматтан кетиши Кыргызстанга пайда алып келбейт дешти.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Жума күнү өкмөт премьер-министр Темир Сариевдин отставкасы тууралуу маалымат четке какты. Ага чейин бир катар маалымат каражаттар Балыкчы — Корумду унаа жолу реконструкциялоо боюнча тендердин айланасындагы жаңжалдан улам өкмөт башчынын кетиши мүмкүн экенин жазып чыгышкан.

Саясат таануучулар менен эл өкүлдөрү Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына жогоруда аталган маселе боюнча өз пикирлерин билдиришти.

Депутаттардын ою

Азамат Арапбаев алдын ала жыйынтык чыгарып, отставка боюнча айтуу туура эмес деп эсептейт.

"Өтө жагымсыз окуя болду. Мен муну өкмөттүк кризис деп айтар элем. Биринчи кезекте өкмөттүн ичиндеги кризис. Депутаттык комиссия өз корутундусун чыгарса, укук коргоо органдары ким күнөөлүү экенин аныктап чыгат", — деди депутат.

Мындай пикирге дагы бир эл өкүлү Тынчтыкбек Конушбаев да кошулат.

"Бир эле тендер менен өкмөттүн жалпы ишин баалап коюу туура эмес. Комиссиялар түзүлдү, эми тийиштүү органдар иликтеп, мыйзамдуу баасын бериши керек", — дейт депутат.

Ал акыркы бир жыл ичинде өкмөт бардык тармак боюнча алгылыктуу иш көрсөткөнүн белгиледи.

"Былтыр каатчылыкка карабастан өкмөт жылды 3,5 пайыздык өсүү менен жана инфляциянын төмөнкү көрсөткүчү менен жыйынтыктай алды. Сариев көп нерсе жасады, анын буга чейинки эмгегин жокко чыгарып салууга болбойт", — деди Конушбаев.

Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалициянын башчысы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көпчүлүк коалициясынын башчысы Турсунбеков: мен Сариевге ишенем
Тендердин мыйзамдуулугун иликтеген депутаттык комиссиянын мүчөсү Максат Сабиров отставкага күнөөлүүлөрдү гана кетирүү керек экенин айтты.

"Эгер Сариев күнөөлүү болсо, кетиши керек. Мындай кадамга Малабаев да күнөөсү аныкталгандан кийин кызматынан алынышы зарыл. Бирок премьердин кетиши баш аламандыкка алып келет. Андыктан чарба маселелерин саясатка айлантуунун токтотсок жакшы болот эле. Иштеш керек. Ансыз деле бизде өкмөт башчылар мээлей алмаштыргандай эле алмаштыра берип бүттүк", — деди Сабиров.

Эксперттердин пикири

Саясат таануучу Зайнидин Курманов Сариевдин кызматтан кетиши жөнүндө айтуу эртелик кыларын белгиледи.

"Өкмөттүн ишин көзөмөлдөө механизми Оторбаевдин убагында киргизилген. Бул иштин натыйжалуулугун арттырууга жасалган кадам болчу. Азыр отставкага кетүү жеңил иш эмес. Бул үчүн кескин себеп болушу шарт", — деди ал.

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өзбекстан иштеткен "Рохат" баш болгон пансионаттарды Кыргызстан өзүнө алды
Дагы бир саясат таануучу Бакыт Бакетаев тендердин айланасындагы жаңжал премьердин отставкасы менен аякташы мүмкүн экенин айтты.

"Бир жыл ичинде бир катар стратегиялык ката кетирилди. Биринчи кезекте — коопсуздук тармагына жооп берчү вице-премьерлик кызматтын жоюлушу. Бул чек арадагы абалдын курчушуна алып келди. Бирок Сариев көптөгөн маселелерди билгилик менен чече алды. Муну белгилей кетүү керек. Өзбек тарап пайдаланып келген пансионаттардын Кыргызстанга өткөрүп алуу Сариевдин эрктүү чечими болду. Ага чейин бир да премьер-министр бул кадамга бара алган эмес. Жерлерибизди берип эле келе жатпадык беле", — деди Бакетаев.

Ал юридикалык чечимден кийин гана жыйынтык чыгарууга мүмкүн экенин белгиледи.

"Өкмөт башчынын кетиши терс натыйжаларды гана берет. Муну туура түшүнүү керек. Биринчи кезекте жалпы элдин кызыкчылыгы турушу зарыл. Ушул позициядан гана премьер да, президент да отставка тууралуу маселени чечиши керек", — деди саясат таануучу.

Өкмөт Балыкчы — Тамчы — Чолпон-Ата — Корумду унаа жолунун курулушун текшерүү үчүн атайын комиссия түзгөн. Текшерүүнүн натыйжасында курулуш иштеринде бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Мындан улам аталган комиссия жолдун курулушуна жоопкер министрликтин жетекчилигинин ээлеген кызматына ылайыктуулугун карап чыгууну сунуштаган.

Министрлер кабинети бул жаздан аман чыгабы?
Сариев атайын комиссиянын корутундусун эске алып, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаевди кызмат ордунан кетирүү боюнча сунушту президентке жөнөткөн. Бирок президенттин аппараты сунушту артка кайтарды.

Эскерте кетсек, транспорт жана коммуникация министри Аргынбек Малабаев депутаттык комиссиянын жыйынында Балыкчы — Корумду жолун реконструкциялоо боюнча өткөн тендерге өкмөт башчынын жакындары, транспорт министринин орун басары Улан Уезбаев жана кытайлык "Лонг Хай" компаниясынын өкүлдөрү менен сүйлөшүп алып тендердин жыйынтыгына таасир бергенин билдирген. Комиссиянын курамындагы айрым депутаттар премьердин күнөөсү бар экенин айтып, анын отставкасын талап кылышкан.

Учурда президенттин тапшырмасы менен УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы Малабаевдин айткандарын да, мекемелер аралык комиссиянын иликтөөсүнүн жыйынтыгын да текшерип жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0