"Ислам мамлекети" эми балдарды бутага алышы мүмкүндүгүн айтышууда

© AP Photo / Hadi Mizban"Ислам мамлекети" террористтик тобу желеги. Архив
Ислам мамлекети террористтик тобу желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Басылмалардын маалыматына караганда, "Ислам мамлекетинин" согушкерлери Түркияда еврей бөбөктөрдү бутага алган терактыларды уюштурушу мүмкүн. Саясат таануучу Владимир Киреев Sputnik радиосунун эфиринде сүйлөп жатып, аталган радикалдык уюм балдарга жасаган агрессиясын токтоткон эмес деген пикирин билдирди.

БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. "Ислам мамлекети" террористтик тобу жакынкы аралыкта Түркияда еврей бөбөктөрүнө багытталган терактыларды жасашы мүмкүн. Бул туурасында британиялык Sky News телеканалы чалгындоо кызматындагы өзүнүн булактарына таянып билдирди. Мындай маалыматтар Түркиянын Газиантеп шаарында туткунга түшкөн согушкерлерден алынган. 

Телеканалдын билдиргенине караганда, терактылар "жакынкы күндөрдө" мектептерде, балдар бакчаларында жана жаштар борборунда жасалышы мүмкүн. 

Болжомолдоолорго караганда, бутага Стамбулдагы синагога алынышы мүмкүн, себеби, ал жерде жамааттык борбор менен мектеп иштейт.

Саясат таануучу Владимир Киреевдин пикиринде, бул маалыматтар толугу менен чындыкка жакын болушу мүмкүн.

"Чалгын кызматтарынын маалыматтарынын шексиздигине далил издеп кереги жок. Себеби, булар "Ислам мамлекетинин" жалпы күн тартибине коюлган маселелерге туура келет", — деди Владимир Киреев Sputnik радиосунун эфиринде сүйлөп жатып.

Ислам мамлекети террордук уюмунун согушкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сириянын Ракка шаарында согушкер өз энесин элдин көзүнчө өлтүрдү
Ал ондогон балдар өткөн жекшембиде Пакистандын Лахор шаарында жардыруунун курмандыгы болгондугу эске салды. Бул трагедияны "Ислам мамлекетине" ыктаган "Жамаат уль-Ахрар" мойнуна алган. Полициянын маалыматына ылайык, көз жумгандардын 23ү балдар болгон. 

Саясатчы "Ислам мамлекети" түзүлгөндөн бери эле балдарга карата агрессияны колдонуп, кулга алуудан тарта сексуалдык зомбулук көрсөтүп келишкендигин айтты. 

ИМ мүчөлөрүнүн өзүнүн энесин аябаган учурлары да кездешкен. Мындан бир нече ай мурда Ракка шаарынын жашоочусу диний ишенимдеринин улам, өзүнүн энесинин өмүрүнө кол салган. Бул дүйнөлүк коомчулуктун бүйүрүн кызытып, муну бардык чектен ашып кеткен көрүнүш деп баалашкан. 

"Акыркы эки жыл ичинде "Ислам мамлекети" Израиль боюнча кандайдыр бир аракеттерден четтеп келген. Себеби, аталган мамлекет бул террордук уюмга нейтралдуу мамиле кылган өлкө катары каралып келген. Ал эми азыркы айтылган маалыматтар абал чындап өзгөрө баштагандыгынан кабар берет", — деди саясат таануучу.

"Ислам мамлекети" террористтик тобу бүгүнкү күндө дүйнөнүн башкы коркунучтарынын бири болуп калууда.Үч жыл ичинде террористтер Ирак менен Сириянын көпчүлүк жерлерин басып алышкан. Алардын катарындагылардын саны ар кандай маалыматтар боюнча 50 миңден 200 миңге чукулдап барат.

Жаңылыктар түрмөгү
0