Россиялык палеонтолог: "көлдүк мамонт" — байыркы жаныбарлардын бабасы

© пресс-служба полномочного представителя Правительства КР в Иссык-Кульской областиЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюндагы жардан мамонтко окшош байыркы жандыктын сөөгү
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюндагы жардан мамонтко окшош байыркы жандыктын сөөгү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамонттун боюнун узундугу 4,7 метрге, ал эми салмагы 10 тоннага жетип, узун тумшуктуулардын ичинен эң ириси болуп саналат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. "Көлдүк мамонт" трогонтерий пили же талаа мамонту экенин россиялык палеонтология институтунун адиси, биология илимдеринин кандидаты Евгений Мащенко билдирди.

Үстүбүздөгү жылдын 10-мартында жергиликтүү тургундар Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы Жыргалаң суусунун боюндагы жардан мамонтко окшош байыркы жандыктын сөөгүн табышкан. 

Табылганын сүрөтүнө күбө болгон илимпоз сөөк Mammuthus trogontherii же трогонтерий пилине таандык экенин айтты.

"Бул байыркы жандык талаа мамонту катары да танымал. Ал Евразия чөлкөмүндө 2-2,5 миллион жыл мурун жашап, болжол менен 10-11 миң жыл мурун тукум курут болгон", — деди Мащенко.

Таласта 1980-жылдары табылган мамонттун азуу тиши Кара-Буурадагы мектепте сакталуу
Анын айтымында, талаа мамонтунун боюнун узундугу 4,7 метрге, ал эми салмагы 10 тоннага чейин жеткен. Окумуштуу табылган сөөк баарыбыз теле жана басылмалардан көргөн кадимки жүндүү мамонттук түпкү бабасы болуп саналарын белгиледи.

Мащенко Көл жергесинен табылган калдыктар аймак үчүн өтө уникалдуу экенин айтып, башка жаныбарлардын сөөктөрү да болушу мүмкүн экенин белгилейт. Муну менен бирге окумуштуу сөөк алгачкы калыбынын бузулуп калганына кейиди.

"Баш сөөктү буза башташканы өтө өкүнүчтүү. Азуу тиштери талкаланып, сөөккө залал келтирилиптир. Бул жерде жаныбардын толук эле скелетин табууга мүмкүн. Казуу иштерин дыкат жүргүзүп, кесипкөй палеонтологдорду тартуу зарыл", — дейт илимпоз.

Ал россиялык окумуштуулар менен бирге чет элдик адистерге да кайрылууну сунуштады.

"Чыгашаны азайтуу үчүн коңшуңар — Казакстанга деле кайрылсаңар болот. Алматы шаарында мыкты адистер бар. Негизи Кыргызстанда изилдөөгө алына элек жерлер абдан көп, илимий жаатта өлкө бир топ кызыгууну жаратат", — деди Мащенко.

Маданият министрлиги: "көлдүк мамонттун" сөөгүн изилдөө иштери жүрүп жатат
Буга чейин Кыргызстандын аймагынан окумуштуулар динозавр сөөктөрүн, моллюск, акыра (жираф), керик (носорог) жана акуланын катып калган калдыктарын табышкан. Тукум курут болгон жаныбарлардын сөөктөрү өткөн кылымдын 20-жылдарында Таласта да казылган. Ал эми Нарында деңиз жаныбарларынын калдыктары табылган.

1978-жылы Жыргалаң суусунун боюнан курулушчулар мамонттун сөөгүнө күбө болушкан. Азыр анын азуу тиштери Караколдун аймак таануу музейинде сакталып турат. 1980-жылы Талас облусунун Кара-Буура районунун аймагынан да мамонттун азуу тишинин сыныгы табылган.

Жок болуп кеткен кайсы жаныбарлардын сөөктөрү Кыргызстанда табылган бул жөнүндө Sputnik инфографикасынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0