Эксперт: насыя берүүнүн ислам принциптери калк үчүн оңтойлуу келет

Жазылуу
Учурда Кыргызстанда каржылоонун ислам принциптерин киргизүү маселеси талкууланып жатат.

БИШКЕК, 15-мар. — Sputnik. Кыргызстанда каржылоонун ислам принциптерин ишке киргизүү пландаштырылып жатканын Sputnik Кыргызстан агенттигине Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын аткаруучу кеңешинин мүчөсү Нурлан Байбосунов билдирди.

Анын айтымында, бул маселе көптөн бери талкууланып келет. Мисалы, бүгүн мекеме Улуу Британия жана араб өлкөлөрүнүн адистери менен жолугуп, ислам финансы куралдары — сукукилердин (облигациялардын исламдык эквиваленти) иштөө ыкмалары өздөштүрүлдү. Муну менен исламдык камсыздандыруу — такафулду ишке киргизүү маселеси ортого салынды.

"Сукуки менен камсыздандыруу жергиликтүү жана чет элдик каражатты тартууга мүмкүндүк берет. Ислам принциптери калк үчүн оңтойлуу келет. Анткени, алар ишенимге негизделген. Кардар менен компания өнөктөш болгон учурда ишкерлердин банкротко учурашы банктарга залалын гана тийгизет", — деди Байбосунов.

Мамлекеттик финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын өкүлү бир нече жылдын аралыгында тийиштүү ченемдик актылар кабыл алынып, сукуки менен такафулдар иштелип чыгып пайдаланыла баштай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0