АКШ ИМ менен күрөшүүдө Европанын ролун эсепке албайт

© AFP / ANNE-CHRISTINE POUJOULATФранция аскер кемеси. Архив
Франция аскер кемеси. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сурамжылоо Sputnik Эл аралык маалымат агенттиги менен радиосунун буйрутмасы менен Populus, Forsa жана Ifop изилдөө компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 3-мар. — Sputnik. Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун маалыматы боюнча америкалыктардын 80 пайызы Сириядагы "Ислам мамлекети" террористик топко каршы күрөшүүдө АКШны негизги күч деп эсептей турганы белгилүү болду.

Бул өнөктүктө Европанын ролу чоң деп эсептегендер Германияда 8 пайызды түзсө, Россияда 25, Улуу Британияда 29 жана Францияда 36 пайызды түзөт. 

АКШ менен Улуу Британияда сурамжылоо 2016-жылдын 3-4-февраль күндөрү Populus изилдөө компаниясы, Германияда 4-8-февраль күндөрү Forsa, ал эми Францияда 3-5-февраль күндөрү IFop компаниялары тарабынан жүргүзүлгөн. Ага жалпы жонунан Улуу Британияда 1047, АКШда 1004, Германияда 1002 жана Францияда 1499 адам катышкан.

Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Европалыктар Түркиянын ИМ менен байланышы жоктугуна күмөн
Германияда "Сириядагы ИМ жана "Жебхат ан-Нусра" сыяктуу террористтик топторго каршы күрөшүүдө ким алдыңкы катарда турат" деген суроого "Россия" дегенлер 36, "АКШ" деп эсептегендер 38, "Франция" дегендер 25 пайызды түзгөн. Ал эми Башар Асад менен күрддөрдүн аракетин сурамжылангандардын 24 пайызы баалаган.

Францияда АКШны атагандар 32, Франция дегендер 29 жана Россияны айткандар 23 пайызды түздү. Сурамжылоого катышкан француздардын эки пайызы бул жагдайда Түркиянын ролу чоң деп эсептейт. Британиялыктардын 59 пайызы АКШ десе, Англияга 52, Франция 39 жана Россияга 37 пайызы ыктаган.

АКШ, Франция, Улуу Британия жана РФ Коргоо министрликтеринин 2016-жылдын февраль айына болгон маалыматы боюнча жыл башынан бери ИМге каршы Россия 7725, АКШ 3267, Улуу Британия 33, ал эми Франция беш ирет авиасокку жасаган.

ИМге каршы күрөш: Коомдук пикир жана фактылар
ИМге каршы күрөш: Коомдук пикир жана фактылар - Sputnik Кыргызстан
ИМге каршы күрөш: Коомдук пикир жана фактылар

Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus, Forsa жана Ifop изилдөө компаниялары болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0