Мүйүздүү болом деп кулактан айрылабызбы же санитардык көзөмөлдү азайтуу эмнеге алып келет

© Sputnik / Табылды КадырбековЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Санитардык текшерүүлөрдүн кыскарышы бүгүнкү күндөгү каатчылыктан улам ишкерлер үчүн жакшы жаңылык катары кабыл алынса, айрымдар бул чечимди сынга алууда. Sputnik Кыргызстан аталган маселенин күңгөй-тескейин таразалап көрдү.

БИШКЕК, 26-фев. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев өкмөткө караштуу бизнес жана инвестицияларды өнүктүрүү боюнча кеңештин жыйынында ишкерлерге карата санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл тарабынан текшерүүлөр эки эсеге азаярын билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, бул кадам ишкерлерди колдоо максатында пландалып жатат.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгери Артур Буюклянов Sputnik Кыргызстан агенттигине бул боюнча азырынча бир тараптуу пикир айтуу эртелик кыларын билдирди.

"Эгерде өкмөт текшерүүнү эки эсеге кыскартуу керек десе, биз баш иебиз. Бул өзгөртүүнүн жыйынтыгы кандай болорун алдын ала айтуу кыйын. Текшерүүлөр эки эсеге азайганынан улам өлкөдөгү ишканалардын абалы начарлап кетсе, текшерүүлөр кайра ордуна келиши мүмкүн", — деди Буюклянов.

Ал белгилегендей 2007-жылы кабыл алынган "Ишкердиктин субъектилерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө" мыйзамына ылайык, санитардык-эпидемиологиялык текшерүүнүн алдында ишкерлерге 10 күн мурун эскертүү жиберилет.

Сариев: ЕАЭБге кирбесек, экономикабыздын мындан аркы өнүгүшү кыйын болот эле
Эскерте кетсек, санитардык-эпидемиологиялык текшерүү коомдогу тобокелдик — тийгизген зыяны, сакталуу убактысы, элге залал тийгизүү коркунучу даражасына жараша үчкө бөлүнөт.

Биринчи жогорку тобокелдеги топко тамактануучу жайлар, тамак-аш, эт азыгы жана сүт өндүрүүчү ишканалар кирет. Бул катмар бир жылда 4 ирет текшерүүдөн өтүшү мүмкүн.

Экинчи топ — орто тобокел. Буга дарылоо, дары-дармектерди сатуу, мектеп, бала бакча, мончо, ветеринардык-санитардык экспертиза лабораториялары кирет. Аталган жайларды текшерүү үч жылда бир жолу жүргүзүлөт.

Үчүнчү топ — төмөн тобокел. Зоопарктар, цирктер, зоодүкөндөр, бал челектер. Текшерүү беш жылда бир жолу болот.

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, борбордогу кафелеринин биринин ээси Жамалбек Ырсалиев бул демилгени колдойт.

"Чынында учурдагы кризис бир топ эле таасир тийгизип жатат. Мындай абалда текшерүүчү эмес, аялың ашыкча акча сураса сиркең суу көтөрбөй турган чак. Деги эле ашыкча текшерүүчүлөр бизге кереги жок. Демилгечилерге ыраазычылык билдирем", — дейт ишкер.

Бишкек шаарынын биринде официант болуп иштеген Токтосун Сейтеков бул сунушка кошулбайт.

"Мен иштеген кафе Ош базарынын жанында жайгашып, санитардык абалы өтө жаман. Ал жерди тез-тез текшерип турса жакшы болмок", — дейт Сейтеков.

Бишкек шаарынын тургуну Арсен Өмүрбаев өкмөт ишкерлерди коргоо менен карапайым калктын ден-соолугун коркунучка кептеп жатат деген ойдо.

"Бүгүнкү күнгө чейин өлкөбүздө тамак-аштан уулангандардын учу үзүлбөй келет. Мындай кырдаалда өкмөттүн бул демилгеси элди сыйлабагандыкка жатат. Мен кафелерде тамактануудан дале кооптонуп келем. Абал жакшы эмес болуп турганда, текшерүүнү эки эсе азайтканы туура эмес",— дейт Өмүрбаев.

Анын айтымында, калаадагы тамактануучу жайлардын талапка жооп бергени аз.

Бишкек шаардык санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун башкы дарыгеринин орун басары Динара Бекбосунова бул демилге учур талабы болуп жатканын айтты.

"Бир жылда төрт жолу текшерүү жүргөн жерлерге терс жагы тийип калат. Биздин адистер барып текшерип, мыйзам бузуулар аныкталса аларды жокко чыгаруу үчүн бир ай убакыт берилет. Бул убакыттан соң кайра контролдук текшерүү жүрөт. Көзөмөл көп болгондуктан биз дагы бул демилгени өкмөткө сунуштоону ойлонуп жатканбыз", — дейт Бекбосунова.

Ал кошумчалагандай, текшерүүлөр эки эсеге азайган учурда бизнесмендердин кызмат көрсөтүүсү начарлайт деген пикир туура эмес.

"Учурда ишкерлер арасында атаандаштык күч. Андыктан жетекчилер кардарларын жоготпоо максатында кызмат көрсөтүү сапатын төмөндөтпөйт", — дейт дарыгер.

Учурда ишкерлерди колдоо максатында бир канча реформалар жасалып келет. 2015-жылдын үчүнчү кварталынан тарта ай сайын тапшырылган салык отчётун кварталга жылдырылды. Мындан тышкары, 2016-жылдын 1-январынан тарта товарларды экспорттоодон, сатуу жана кызмат көрсөтүүдөн алынуучу салык төлөмү жоюлду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0