Европалыктар Түркиянын ИМ менен байланышы жоктугуна күмөн

© Sputnik / Андрей Стенин / Медиабанкка өтүүТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik агенттигинин сурамжылоосуна Франция, АКШ, Германия жана Улуу Британиянын жашоочулары катышты.

БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. Европа мамлекеттеринин жашоочулары Түркия "Ислам мамлекетти" террористтик тобу менен кызматташат деген ойдо.

Мигранттар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Германияда өлкөгө кирген качкындардын агымына нааразы болгондор арбып бара жатат
Sputnik.Пикирлер сурамжылоосунун натыйжасында француздардын 72 пайызы Түркия Сирияда ИМге нефть сатуу менен алектенген түркиялык кызыл кулактардын ишмердүүлүгүнө көз жумуп келет деп эсептери аныкталган. Немистердин теңинен көбү (52 пайызы) америкалыктардын 38 жана британиялыктардын 41 пайызы террористтерге нефть сатуу түрк бийлигинин шалаакылыгынан болуп жатат деген пикирин билдирген.

Сурамжылоону атайын Sputnik Эл аралык агенттиги жана радиосу үчүн Германияда белгилүү британиялык Populus компаниясы өткөрсө, Францияда Ifop компаниясы жасаган. 

"Түркия ИМ сыяктуу террористтик топторго жигердүү каршылык көрсөтүп келет" деген пикирге француздаржын 59 пайызы макул эместигин айткан. Германияда буга макул эместердин саны колдогондорго караганда көбүрөөк экени аныкталган (36/26). Улуу Британияда пикирлер теңме тең болгон. Ал эми АКШда тескерисинче, Түркия террористтерге каршы күрөшүп жатат дегендердин саны арбын экени белгиленген.

Аталган сурамжылоо АКШ, Улуу Британия жана Германияда 2016-жылдын 3-4-февраль күндөрү жасалган. Францияда 3-5-фераль күндөрү жүргүзүлгөн. 

Сурамжылоого катышкандар жынысы, жаш-курагы жана географиялык өзгөчөлүгү боюнча ар түрдүү топторго кирет. Ишенимдүүлүктүн 95 пайыз мүмкүндүгүн эсепке алганда ар бир өлкө боюнча маалыматка болгон ишеним +/- 3,1 пайызды түзөт.

Чехия жарандарынын үчтөн эки бөлүгү качкындарды кабыл алууга каршы
Коомдук пикирди изилдөө боюнча эл аралык долбоор 2015-жылдын январында башталган. Долбоордун өнөктөшү белгилүү Populus изилдөө компаниясы болду. "Sputnik. Пикирлер" долбоорунун алкагында Европа жана АКШ өлкөлөрүндө маанилүү социалдык жана саясий маселелер боюнча сурамжылоолор үзгүлтүксүз жүргүзүлөт. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдө мультимедиялык маалыматтык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттарды, аналогдук жана санарип радиоберүү, социалдык тармактарда баракчаларды камтыйт. Sputnik маалымат түрмөгүнө жазылгандар үчүн англис араб, испан жана кытай тилдеринде кабарлар күнү-түнү жаңыланып турат.

Жаңылыктар түрмөгү
0