Беш өрдөк: журналисттен кутулгусу келген Мелис Турганбаев, "мат" болчу Султанбекова

© Расул УсеналиевКыргызстанда чыккан газеталар. Архив
Кыргызстанда чыккан газеталар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы басылмаларга чыккан айың-кептерди аныктап, жума сайын гезит-журналдарга саресеп салабыз. Айың кептер айылынан арылабыз.

Журналист Турат Акимовду Мелис Турганбаев сабатканбы?

Турганбаев Акимовдун иши тергелип жатканда министрликтен кетпейт
Турат Акимов өзүнө кол салуунун артында ички иштер министри Мелис Турганбаев турушу мүмкүн деп шектенип жатканын 22-февралдагы маалымат жыйында билдирди. Акимов ошондой эле, эгер өзүнө жана туугандарына кандайдыр бир зыян келсе, ички иштер министри менен болгон сүйлөшүүсүн интернетке чыгарарын айтты.

Өз кезегинде ИИМдин маалымат катчысы Бакыт Сейитов министр Турганбаев журналист Акимов менен 18-ноябрда жолукканын маалымат жыйында билдирди.

"Чынында Турганбаев Акимовду тааныбайт дагы. Мен ага жабыр тарткан журналисттин сүрөтүн көргөзгөндө гана ал менен бир ай мурда жолукканын айтты. Акимов Турганбаевди бирөөлөр менен кезиктирүүнү пландаган. Бирок, жолугуштура турчу киши өлкөдөн учуп кеткендиктен жолукпай калган. Министр журналист менен сүйлөшүп, андан кийин көрүшкөн эмес. Экөөнүн ортосунда эч кандай деле жаңжал болгон эмес", — деди Сейитов.

"Деньги и власть" гезитинин башкы редактору Турат Акимов 19-февралдын түнүндө чымыр денелүү белгисиз киши аны темир союл менен башка чаап, өлтүрүүгө аракет кылганын айткан. Акимов бейтааныш кишиге карышылык көрсөткөндө ал качып кеткен. Бул кол салуудан журналисттин чыпалагы сынып, кулагы айрылган.

Жогорку Кеңештеги коалицияны коркуткан "Өнүгүү – Прогресс"

"Dе-Факто" гезити 19-февралда чыккан санында Бакыт Төрөбаев башкарган "Өнүгүү – Прогресс" фракциясы коалициядан чыгат экен, анын себеби, өз кадрларын каалаган орундарына кое албай калышы мүмкүн деп жазды.

"Жогорку Кеңештеги "Өнүгүү — Прогресс" фракциясы коалициядан чыгат экен деген сөз желдей тарады. Бирок, эмнеге чыкканы жатат деген суроого жооп издеп убарабыз… Балким өз кадрларын көздөгөн кызматтарына коё албай калышып анан коалициядан чыгабыз деп коркутуу ирээтинде шымаланып жатышабы?", — деп аталган гезит суроо салат.

"Өнүгүү — Прогресс" фракциянын катчылыгы коалициядан чыгуу тууралуу маселе көтөрүлбөгөнүн Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине маалымдады.

"Учурда фракциянын коалициядан чыгуусу тууралуу сөз болгон эмес", — деп катчылыктан билдирди

"Шах-мат" боло турчу Чолпон Султанбекова…

Ушул эле гезит жума күнү чыккан санында Канат Исаев партиялашы Чолпон Султанбекованы мандаттан ажыратат экен деген маалымат жазды.

"Жакында "Кыргызстан" фракциясынын кезектеги "шах-мат" жүрүштөрүнө күбө болот экенбиз. Тагыраак айтканда, Канат Исаев кийинки депутаттын мандатын тартып алууга ниеттениптир. Ал депутат Чолпон Султанбекова экен", — деп жазат "De-Факто" гезити.

"Кыргызстан" фракциясынын депутаты Чолпон Султанбекова басылмаларга чыккан мындай маалыматтардын кыпындай да чындыгы жок экенин Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

"Бул ачыктан-ачык ушак. Мен деле бул жакта жүрөм мага деле чалып сурашса болот эле да. Фракция лидери деле бул жакта жүрөт. Мени кетирүү, же менин маселем боюнча сөз жок. Буга чейин кеткен аял депутаттар "эми Чолпон Султанбекованы да кетирет, аялдарды бүт кетиришет" деп айтып койгону үчүн ушундай имиш кептер чыгып жатат окшойт. Мага бир да гезит чалып, "Сизди кетирет экен, ушул чынбы деп сурашкан жок", — дейт эл өкүлү.

Ал ошондой эле, мындай кептерди чыгаруу кимдир бирөөнүн "кара пиары" да болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0