ЭВФ: үч өлкөдөгү экономикалык кырдаал быйыл Кыргызстанга терс таасир тийгизет

Жазылуу
Эл аралык валюта фондусунун миссиясынын жетекчиси Эдвард Джемаэл иш сапарын аяктап жатып Кыргызстандын былтыркы жылдагы экономикалык абалына баа берип, быйылкыга болгон божомолдору тууралуу ой бөлүштү.

БИШКЕК, 5-фев. — Sputnik. Нефтинин арзандашы жана Россия, Казакстан менен Кытайдын экономикалык өсүүсүнүн солгундашы Кыргызстандын экономикасына терс таасир тийгизет. Бул тууралуу Эл аралык валюта фондусунун (ЭВФ) миссиясынын жетекчиси Эдвард Джемаэл билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган миссия Бишкекте 29-январдан 4-февралга чейин жүрүп, экономикадагы акыркы өзгөрүүлөргө көз салды.

Эдвард Джемаэл былтыркы жылы алдыга жылуулар болгонун белгилеп, финансы сектору чыңдоо үчүн бир катар аракеттер зарыл экенин белгиледи.

"Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк каатчылыкка карабай, өсүүсүнүн деңгээли 3,5 пайызды түзүп, инфляция 10 пайыздан төмөн болду. Быйыл да нефтинин арзандашы жана Россия, Казакстан менен Кытайдын экономикалык өсүүсүнүн солгундашы Кыргызстандын экономикасына акча алмаштыруу жана соода-сатык аркылуу терс таасир тийгизет", — деди миссиянын жетекчиси.

Анын айтымында, быйыл өлкө бюджеттик консолидация жана мамлекеттик карыздын туруктуулугун сактоо боюнча ишти жандандырышы керек. Бул үчүн киреше салыгын жоюуну этап менен жүргүзүү жана салык жеңилдиктеринин мөөнөтүн узартуу каралган аракеттер зарыл. 

"Туруктуулукту камсыздоо үчүн мамлекеттик инвестициялар тартылган тармактын маанилүүлүгүн аныктап, алардын графигине өзгөртүү киргизүү керек", — деди Джемаэл.

ЭВФ өкүлү кыйын кырдаалда Улуттук банк ийгиликтүү иш алып барганын белгиледи. Бирок мындан ары интервенцияларды кыскартуу керектиги айтылды. Ал дедолларизация узак мөөнөттүү процесс экенин белгилеп, буга комплекстүү иш-чаралар зарыл экенин кошумчалады.

"Бул үчүн валюта менен алынган ипотекалык насыяларды конвертациялоо программасын чектен тыш пайдалануудан баш тартуу керек. Мындан тышкары, бюджеттин кошумча чыгымдарынын ордун толтуруу үчүн чаралар көрүлүш зарыл. Мамлекеттик ипотекалык компаниянын иши бюджеттик жоготууларга алып келбеши керек", — деди ал. 

Сөзүнүн аягында Джемаэл фонд мындан ары да өлкөнүн расмий органдары менен иштешүүнү улантып, кыйын шартта жардамын аябай турганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0