ЦРУнун мурдагы башчысы: АКШнын "Ислам мамлекети" менен болгон тиреши көпкө созулат

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүАКШнын желеги. Архив
АКШнын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Майкл Морелланын айтымында, АКШ менен "Ислам мамлекети" террордук тобунун Сирия менен Ирактагы тиреши 20 жылга чейин созулушу мүмкүн.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Сирия менен Ирактагы "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы АКШнын күрөшүү аракеттери 10-20 жылга чейин созулушу мүмкүндүгүн АКШнын борбордук чалгындоо башкармалыгынын мурдагы директорунун милдетин аткаруучу Майкл Морелл билдирди.

"Мен так мөөнөттү айта албайм. Балким ал 10, 15, 20 жылга чейин созулушу ыктымал", — дейт ал.

Путин Италиянын премьери менен эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнү талкуулады
Морелл мындай пикирин АКШнын куралдуу күчтөр палатасынын комитетинин угууларында айтты.

2003-жылы АКШ Иракта Саддам Хусейндин бийлигине каршы аскерий кампанияны баштаган. Анын бийлиги кулатылгандан кийин өлкө аймагындагы түрдүү куралдуу күчтөргө карата аскерий операцияларын жүргүзгөн. 2011-жылы АКШнын аскерлери Ирактан чыгарылганы менен жергиликтүү күч түзүмдөрүнө кеңеш берүү үчүн Американын аскер кеңешчилери менен инструкторлор калган. 2015-жылы АКШ Ирак менен Сириядагы "Ислам мамлекети" террордук тобу менен күрөшүү үчүн атайын даярдыктагы аскерлерин жөнөткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0