Саясат таануучу: ирандыктар аравиялыктарга караганда согушууга маш келет

© REUTERS / REBECCA COOKИрактын желегин көтөргөн акциянын катышуучулары. Архив
Ирактын желегин көтөргөн акциянын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Евгений Сатановскийдин айтымында, Сауд Аравиясын АКШ курал-жарак менен камсыздаганына карабастан, эгер аскердик кагылышуу болсо Эр-Рияд олуттуу жабыр тартары бышык.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Эр-Рияд кечээ Тегеран менен дипломатиялык мамилесин үзүп, ага Ирандын борбор калаасындагы шийит диний үгүтчүсү Нимр ан-Нимрдин өлүм жазасына тартылышына каршы өткөрүлгөн нааразылык акциясынан улам "падышалыктын ички ишине кийлигишүүсү" себепкер экенин билдирди. 

Иран: дипмамилени үзүү Эр-Риядга өлүм жазасын "жашырууга" жардам бербейт
"Жакынкы Чыгыш институту" илимий борборунун президенти Евгений Сатановский эки өлкө ортосундагы тымызын кармаш көптөн бери болуп келгенин, ал эми үгүтчүнүн өлүм жазасына тартылышы келечекте көп запкы тийгизе турган сауддардын кезектеги акылсыздыгы экенин жар салды. Бул тууралуу Sputnik Өзбекстан маалымат агенттиги кабарлады.

Жакынкы Чыгыштагы ири держава болгон Иран менен Сауд Аравиясынын мамилелери башынан эле катаал болуп келген. Аталган мамлекеттердин ортосунда диний, экономикалык жана саясий маселелерде бир катар пикир келишпестиктер өкүм сүрөт.

"Булардын ортосунда көптөн бери тымызын кармаш жүрүп келет. Карым-катнаш ачыкка чыгып, Сауд Аравиясынын дипломатиялык мамилелерди үзүшү өлкөнү жеңишке алып келбейт. Перстер — жоокер эл, саудиттерден айырмаланып согуш өнөрү күчтүү", — деди Сатановский.

Эксперттин айтымында, Эр-Риядды америкалыктар кымбат баалуу аскердик техника менен камсыздаганына карабастан, Сауд Аравиясы менен Иран аскердик көз караштан алып караганда бир казанда кайнабай турган мамлекеттер. Анткени, Тегеран сауддардан бардык жагынан ат чабым алдыда турат.

"Андыктан, менин баамымда, сауддар үгүтчүнү өлүм жазасына тартып Иран менен каатчылыкка барып өтө чоң ката кетирди. Бирок, эми бул алардын баш оорусу", — деди ал.

Сатановский Сауд Аравиясы Сириянын расмий бийлигине каршы күрөштү каржылаган башкы демөөрчү болуп Россия менен болгон мамилесин да солгундатып алганын эскертти.

"Бизге Сауд Аравиясы — тарапташ да, дос да эмес. Сауддар биздин аймакта террористтик согушту Чечен согушу маалында эле уюштурушкан, Афганистанга Россияга каршы согушкан. Аларга жүрөк өйүтүп кереги жок. Өз көйгөйүн өздөрү чечсин", — деди эксперт.

Саясат таануучу бул карама-каршылыкка Сирия, Ирак, Йемен, Бахрейн сыяктуу үчүнчү өлкөлөр да тартылганын белгиледи. 

ЖМК: Сауд Аравиясындагы өлүм жазалары Батышты эки анжы ойго такады
Ал мунай рыногундагы негизги эки оюнчунун пикир келишпестигинен нефтиге болгон баа анча өзгөрбөй турганын айтты. Эксперттин айтымында, 70-жылдардан тарта саясат менен аскердик кагылышуулардын тикелей таасири бул айдыңда төмөндөп келе жатат. 

Ал арада акыркы күндөрү нефтиге болгон дүйнөлүк баа жогорулап кеткени айтылууда. Чийки зат рыногун изилдөөчү Nomura Holdings компаниясынын жетекчиси Гордон Кван жакынкы аралыкта эки өлкөнүн ортосундагы каатчылык нефтиге болгон баанын өсүшүн шарттай турганын белгилөөдө.

Ишемби күнү Сауд Аравиясында шийит диний үгүтчүсү Нимр ан-Нимр менен кошо 46 кишинин өлүм жазасына тартылышы Иранда нааразылык акциялары башталган.

Жаңылыктар түрмөгү
0