Песков: Су-24 учагын кыйратып, Түркия акылга сыйгыс иш кылды

© Sputnik / Дмитрий Виноградов / Медиабанкка өтүүСу-24 учагы. Архив
Су-24 учагы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россия президенти бардык шартка даяр турат. Россиягы өтө курч чакырык ташталды, деди өлкө башчынын маалымат катчысы Дмитрий Песков.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Су-24 учагын кыйратып, Түркия акылга сыйгыс иш кылды, ал эми Россиянын жообу бул чакырыкка карата орундуу болду, дейт РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

"Өлкө башчы бардык шартка даяр турат. Кырдаал болуп көрбөгөндөй курч. Ал эми Россиянын реакциясы бул одоно жорукка дал келген жооп болду", — деди ал.

Россиядагы түрк ишкерлери корко башташты
Шейшемби күнү россиялык Су-24 учагы Сириянын аймагынан түркиялык F-16 ракетасы менен атып түшүрүлгөн. Экипаждын командири менен штурманы учактан секирип чыгууга үлгүрүшкөн. Командир Олег Пешков согушкерлердин аткылоосунан абада эле атып өлтүрүлгөн, ал эми штурман Константин Мурахтин Россия жана Сирия аскерлери тарабынан куткарылган. Операция учурунда деңиз аскер кызматкери Александр Позынич каза болгон.

ММК менен маектешүүдө Песков Түркиянын осол аракети НАТОнун да, Россиянын да, керек болсо Түркиянын өзүнүн да кызыкчылыгына төп келбей турганын айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0