Какчекеев: күрд автономиясына Түркиянын каршылыгы анын АКШ менен мамилесин бузбайт

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүТүркиянын желеги. Архив
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саясат таануучу Токтогул Какчекеев Сирияда күрд автономиясынын түзүлүшү бул улуттун ар башка аймактарда жашаган топторунун башын бириктире турганын айтты. Анын пикиринде, бул Түркияга жакшылык алып келбейт.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Сириялык күрддөрдүн автономия түзүү боюнча аракетине каршылыгын билдирген Түркиянын бул кадамы анын АКШ менен болгон мамилесине терс таасир тийгизбей турганын Sputnik агенттигине саясат таануучу Токтогул Какчекеев билдирди.

Буга чейин Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган сириялык күрддөрдүн автономия түзүү аракетин ишке ашырбоо үчүн болгон күчүн жумшап, керек болсо, согуш операцияларын да жүргүзүүгө даяр экенин билдирген. 

Какчекеевдин айтымында, Сирия президенти Башар Ассад кыйналып турган учурда ага дал ушул күрддөр аскердик топторду түзүп жардам беришкен. 

"Бул Сириянын түндүк-чыгышында күрддөрдүн автономия түзүү демилгесине жол ачкан. Албетте, бул түрктөргө жакпай жатат. Анткени күрддөр бүгүнкү күндө Сирия, Түркия жана Иран өлкөлөрүнүн нефть менен газга бай аймактарында отурукташкан. Сирияда автономия түзүлүп калса, ал күрдддөрдүн башын бириктирип, эртеңки күрөшкө чоң плацдарм болуп берет. Түрктөр мына ушундан коркот", — деди эскперт.

ЕАЭБ желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Иликтөө: ЕАЭБдин колдоосуна карабай, кыргызстандык жаштар АКШдан окугусу келет
Саясат таануучу күрддөрдүн бул аракети БУУнун Уставына туура келгендиктен, АКШ бул демилгени колдой турганын белгиледи. Анткени анда ар бир калк өзүнүн эгемендигине ээ болушу керек деген түшүнүк бар.

Муну менен бирге Какчекеев Түркиянын билдирүүсү Россиянын Сириядагы аракетин колдоо катары да кабыл алынышы мүмкүн экенин айтып өттү. Анын айтымында, күрддөр кезинде СССРдин колдоосуна ээ болгондуктан, байланыш ушу убакка чейин сакталышы ыктымал.

Жаңылыктар түрмөгү
0