Ишкерлер: чакан жана орто бизнестин өнүгүүсүнө жогорку үстөктүү насыя тоскоол кылууда

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүНасыя алуучу жай. Архив
Насыя алуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес-ассоциациянын башчысы Умбриэл Темиралиевдин билдирүүсүндө ишкерлер насыя алуудан кооптонуп турат. Анткени, акча берген банктын аны кайтарып берүү шарт-талабы өтө эле жагымсыз.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанда чакан жана орто бизнес экономиканын негизги кыймылдаткычы экенине карабастан, тийиштүү деңгээлде каржыланбай жатканын "Жаш ишкерлер ассоциациясынын" президенти Умбриэль Темиралиев маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, учурда өлкөдө чакан жана орто бизнести жеңилдетилген каржылоо дээрлик жокко эсе.

"Ооба, бизде насыя берүүгө даяр банктар бар. Бирок алардын үстөк пайызы абдан жогору болуп, өтө кыска убакытка — төрт жылга чейин берилүүдө", — деди Темиралиев.

Ал ишкер бул мезгил аралыгында тийиштүү жабдык сатып алып, ишкананы иштетип, киреше алууга жетише албай турганын белгиледи. Буга көп убакыт талап кылынат.

"Чакан жана ири бизнеске чейин насыя бере турган Орус-кыргыз өнүктүрүү фонду бар. Бирок, анын ишмердүүлүгү банк принциптерине негизделген. Мындан улам ишкерлер ал жактан насыя алуудан коркот", — деди уюм жетекчиси.

Темиралиев Кыргызстандын экономикасынын 40 пайызы чакан жана орто бизнестен турарын, бул тармак мамлекеттин негизги багыттарынын бири болушу керектигин белгилеп өттү.

"Кытайда чакан жана орто бизнестин көлөмү ИДПнын 60, Германияда 40 пайызын түзөт. Коңшу Казакстанда бул 17 пайыздык көрсөткүчтө турат, алар 2030-жылга карата бул санды эки эсеге көбөйтүүнү пландап жатышат. Бизде жакшы шарттар бар, аны колдон чыгарбоо керек", — деди эксперт.

Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Темирбек Ажыкулов мамлекет чакан жана орто бизнеске жеңилдетилген пайыздык үстөк менен узак мөөнөткө насыя бере турган инвесторлорду табууга көмөк көрсөтүшү керек экенин кошумчалады.

Кыргызстанда чакан жана орто бизнес жүргүзгөн 12 миң ишкана бар, ал эми жеке ишкерлердин саны 450 миңге жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0