БШКнын мурдагы башчысы: шайлоо баары бир жаңы парламенттин сапатын жакшыртпайт

© фото предоставлено Акылбеком СариевымБорбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев. Архив
Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер биринчи биометрикалык паспортторду киргизишкенде, азыр жаңы шайлоо технологиялары боюнча талаш-тартыш чыкмак эмес дейт БШКнын мурдагы жетекчиси Акылбек Сариев.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясынын мурунку төрагасы Акылбек Сариев шайлоо канчалык таза өтпөсүн, баары бир парламенттин сапатын жакшырта албайт деп эсептейт.

Анын пикиринде, шайлоо Кыргызстанда үзгүлтүксүз жана тынч өттү. 

"БШКнын ишине комментарий бере албайм. Бул кесиптештериме карата одонолук болот. Бирок белгилейин дегеним, майда-чүйдө мүчүлүштүктөр шайлоонун натыйжаларына таасир кылбашы керек", — деди БШКнын мурдагы жетекчиси.

Ал биометрикалык технологияларды колдонуу менен шайлоо шашылыш өткөнүн айтып, мындай системаны кылдат даярдыктан кийин киргизүү туура болмок деп белгиледи. 

"Эгер алгач биометрикалык паспортторду киргизгенде, азыр жаңы шайлоо технологиялары боюнча талаш-тартыш чыкмак эмес. Башкача иштөө керек деп эсептейм", — деди Сариев.

Анын айтымында, өлкөдө шайлоо таза эмес өткөндүгү үчүн айып шайлоочуларга коюлат, а бирок талапкерлер өздөрү ак ниеттик кылып, добуштарды сатып алуу үчүн күмөндүү иштерди жасабашы керек. 

"Идентификациялоо шайлоочунун бир эле жолу добуш берүүсүн кепилдейт. Бирок процесс үчүн болочок парламентарийлердин өздөрү жооп бериши чоң мааниге ээ", — деди Сариев.

Ошондуктан парламентке шайланып жаткандарга карата талап катуу болушу керек деп сөзүн бүтүрдү ал. 

Алдын ала жыйынтыктар боюнча кайсы талапкерлер депутат болот?
Кечээ, 4-октябрда Кыргызстанда Жогорку Кеңештин жаңы курамы шайланды.

Республиканын тарыхында биринчи жолу калктын биометрикалык маалыматынын негизинде түзүлгөн тизме боюнча добуш берилди. Ага мурдатан биометрикалык каттоодон өткөн жарандар гана кирди.

Республикада жана чет мамлекеттерде жалпысынан 2 374 шайлоо участкасы ачылган. Добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшырган 2 миллион 761 миң 297 жаран катыша алат. Мыйзам чыгаруу органындагы 120 орун үчүн 14 партия ат салышып, алардын тизмесиндеги талапкерлердин жалпы саны 2 137 адамды түзөт. 

Парламентке жалпы өлкө боюнча катталган шайлоочулардын 7 пайыздан кем эмес шайлоочуларынын жана ар бир облус боюнча 0,7 пайыз шайлоочунун добушуна татыган саясий партиялар гана өтө алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0