Эл өкүлү: муктаждыкка жараша депутаттар пленардык жыйынга чогула берет

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин отуруму. Архив
Жогорку Кеңештин отуруму. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Негизинен мыйзам долбоорун комитет менен фракциялар талкуулап, алдыга жылдыра тургандыктан муктаждыкка жараша депутаттар жалпы жыйынга чогула берет дейт эл өкүлү.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыманап Кутушев эл өкүлдөрү комитеттердин демилгесине жараша пленардык жыйындарга чогула берерин Sputnik агенттигине билдирди.

Бүгүн парламенттин төрагасы Асылбек Жээнбеков кворумдун жоктугунан жыйынды кийинкиге калтырды. Эми пленардык жыйын VI чакырылыштагы депутаттар шайланып келгенге чейин болбой турган болду

Кутушевдин айтымында, мындай чечимди төрага жеке өзү эмес, координациялык кеңеш менен бирге кабыл алган.

"Эгерде катар-катар кворум болбой жатса, жөндөн-жөн эле убакыт өткөрүп аракет кылуунун кажети жок", — деди ал.

Негизинен мыйзам долбоорун талкуулап, алдыга жылдыра турган бул комитет менен фракциялар экенин ал кошумчалады. 

"Негизи, 1-сентябрда сессия ачылды. Комитет менен фракциялар эми мыйзамдуу түрдө иштей алат. Эгерде фракциялар, комитеттер бир маселени жыйынга алып чыгыш керек деп чечсе, анда пленардык жыйын чогулат", — дейт эл өкүлү.

Ал ошондой эле, азыркы чакырылыштагы депутаттар демилгелеген мыйзам долбоорлору комитеттер, фракциялар тарабынан кароого жетишпей калса, алар кийинки чакырылыштагы депутаттар тарабынан карала берерин билдирди.

"Мурунку чакырылышта толук каралбаган мыйзам долбоорлору кийинки чакырылышта каралып келген учурлар практикада көп эле колдонулуп жүрөт. Эгер демилгечи кайта депутат болуп келбей калса, мыйзам долбооруна башка демилгечилер кошулушу мүмкүн", — деди ал.

Кыргызстандагы парламенттик шайлоо 4-октябрга дайындалган. Ага 14 саясий партия катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0