Эксперт: доллар күзүндө 75ке чейин чыгып кетиши мүмкүн

© Sputnik / Табылды КадырбековСом жана доллар валютасы. Архив
Сом жана доллар валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күзүндө курс 70-75 сомго жетет деген божомолдор бар. Бирок 75 — эң жеткен чеги. Кыргызстандын көпчүлүк банктарынын бюджети 70 сом эсебинен түзүлгөндүктөн, андан ашуусу мүмкүн эмес.

Кытайдын акчасынын артынан сом да түшүп, күзүндө доллар 70-75 сомго бааланат деп эсептейт каржы серепчиси Асел Мукамбетова. Ал Кытайдагы каатчылык Кыргызстанга кандай кесепетин тийгизери туурасында Sputnik агенттигине айтып берди.

— Кытайдын фондулук биржасы кыйрап калды. Азиялык брокерлер кым-куут түшүп жатат. Юандын куну кетти. Деги эмне болуп жатат?

— Кытай – дүйнөдөгү АКШдан кийинки жаңы ири экономика. Бул дүйнөлүк каржы аренасындагы эки чоң атаандаш. Алар улам барган сайын бири-бирин көп сынап жатышат. Азыр да каржы чөйрөсүндө валюталардын согушу деген сөз көп айтылууда. Бул кармаш чынында эле жүрүп жатат.

УБ: валюта рыногундагы өзгөрүүлөргө Кыргызстан туруштук бере алат - Sputnik Кыргызстан
УБ: валюта рыногундагы өзгөрүүлөргө Кыргызстан туруштук бере алат
Кытай эбактан бери эле өз акчасын дүйнөлүк резервдик валюталардын катарына киргизүүнү көздөп келет. Бирок Эл аралык валюталык фонд буга уруксат бербей турат. Эмне үчүн? Мунун түрдүү себептери бар. Кытай бийлиги өзүнүн валютасын дайыма катуу көзөмөлдөп келген жана бул девальвация аркылуу Кытай өзү рынок мамилелерине даяр экенин көрсөтүү үчүн жасаган кадамы болчу. Мунун баары резервдик валюталардын катарына кирүү максатына багытталган. 

Бирок Эл аралык валюталык фонду Кытай эркин курска карай дагы бир кадам жакындаганына карабай, Пекиндин каалоосун аткарган жок. Кытайдын валюталык резервге кирүүсү жөнүндө маселе 2016-жылдын сентябрына калтырылды.

— Демек, бул аргасыздык эмес, өнүгүү үчүн жеңип чыгыш керек болгон тоскоолдук экен да?

— Ооба. Жаралган көйгөйлөргө карабастан, алдыдагы 10 жылды "Кытайдын он жылдыгы" деп аташат. Себеби, бул өлкөнүн эң чоң запасы бар — ал 3,7 триллион долларга жетет. Бул дүйнөдөгү эң чоң капчыктардын бири. Ошон үчүн Кытайды карап иш кылгандар көп. Мисалы, Африкада кытайлыктар өндүрүштү аябай кеңейтишкен: ал жерде темир жолдор курулуп, мунай жана алмаз өндүрүлүп жатат. Кийинки кадамы — Батышта, Түштүк Америкада бекем орун алуу. Кытай ал жакта да мунайды иштетет. Алардын Евразиядагы иш-аракеттери туурасында айтуунун кажети жок деп ойлойм.

— Ошентсе да, юандын түшүүсү, мейли алдын ала пландалган болсо да, башка өлкөлөргө кандай таасир кылат? Мисалы, Кыргызстанга?

Сом валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк валюта рыногуна кийлигишүүгө себеп жок деп эсептейт
— Кытай юандын наркын төрт пайызга түшүрдү. Бул дүйнөлүк экономикага катуу таасир кылды. Биринчи кезекте, анын башкы атаандашы катары АКШга кесепети катуу тийди. Америка коркуп кетти. Сентябрда АКШнын Федералдык резервдик системасы (ФРС) башкы пайыздык үстөк бааны көтөрүшү керек эле. Акыркы бир нече жылдан бери ал 0-0,25 пайыз деңгээлинде сакталып турат. Эгер пайыздык үстөк баа көтөрүлсө, доллардын баасы кескин өсүп кетмек. Бирок, алар күтө турууну чечти. Быйыл бул үстөк пайыздар өспөйт. Эмки жылы жогорулашы ыктымал.

Бирок, эгер ФРС мындай кадамга баа турган болсо, анда мындай чаралар өнүгүп келе жаткан экономикаларга катуу зыян келтирет. Дүйнө боюнча каатчылык жүрүп жатат. Көпчүлүк өнүгүп келе жаткан өлкөлөр адатта доллар түрүндө алынуучу насыянын эсебинен жашап жатат. Эгер доллар көтөрүлүп кетсе, бул өлкөлөрдүн мамлекеттик карыздары дароо өсөт. 

— Юань өзүнүн артынан сомду ала кетпейби?

Национальная валюта и долларовая купюра. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери сомдун курсу долларга карата 10,3%га төмөндөгөн
— Биз Кытайга коңшулашпыз. Бирок Россия жана Казакстан менен да тизгинибиз бир. Алгач биз рублдин төмөндөшүн көрдүк. Бейшембиде теңге түшүп () кетти, эми болсо сомдун арзандашын көрүп жатабыз. Мен Кыргызстандын Улуттук банкы (УБ) интервенция менен чыгат деп күткөн элем, бирок алар сомдун курсун төмөндөтүүнү чечти. Кыязы, атайын кылды. Башкы каржы мекемеси бул акчаларды "күйгүзбөй", сомду жасалма кармап турбай, анын түшүүсүнө жол берүүнү чечти көрүнөт. 

Мындай жылыш багыттардан сом четте кала албастыгы турган иш. Күзүндө курс 70-75 сомго жетет деген божомолдор бар. Бирок 75 — эң жеткен чеги. Кыргызстандын көпчүлүк банктарынын бюджети 70 сом эсебинен түзүлгөн. Андан ашпайт. Эгер ашып кетсе, мындан эч кимге пайда жок. 

— Азыркы болуп жаткандарды 1997-жылдагы каатчылыкка салыштырса болобу?

— Айрым серепчилер дал ошол жөнүндө айтууда. Каатчылык бүтүндөй жер жүзү боюнча жүрүп жатат жана мындай оор абал узакка созулары азыртан эле түшүнүктүү. Ал тургай, бейкут эсептелген Америкада да өткөн жумада биржалык индекс түшүп кетти. Россияда өтө терең рецессия жүрүп жатат. Адатта, жай мезгилинде валюталардын курстары туруктуу болот. Себеби экономикалык активдүүлүк анча болбойт эмеспи. Бирок, бул жолу жай өтө тынчсыз болду. Жана бул башталышы эле. Август күтүүсүз кескин өзгөрүүлөргө толду. Күз-кыш мезгилинде алар тереңдеп гана барат.

Сомго карата доллардын, рублдин жана теңгенин курсу кандайча өзгөргөнүн Sputnik даярдаган инфографикадан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0