Эксперт: шайлоодо негизги күрөш беш партиянын ортосунда жүрөт

Жазылуу
4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол", "Ар-Намыс", "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" "Мекен ынтымагы", КСДП, "Республика Ата-Журт" жана "Аалам" партиялары билдирди.

БИШКЕК, 29-июль — Sputnik. Парламенттеги орун үчүн күрөш ашып кетсе он партиянын ортосунда жүрө турганын Sputnik агенттигине тарых илимдеринин кандидаты, саясат таануучу Табылды Акеров билдирди.

Борбордук шайлоо комиссиясында шайлоого катыша турган партияларды каттоо башталды. 4-октябрда өтө турган парламенттик шайлоого катышуу ниетин "Ата Мекен", "Өнүгүү-Прогресс", "Бир Бол", "Ар-Намыс", "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" "Мекен ынтымагы", КСДП, "Республика Ата-Журт" жана "Аалам" партиялары билдирди.

Саясат таануучунун айтымында, бул жолку шайлоого 2010-жылдагыга караганда кыйла аз партия катышат. 

"Менин баамымда, шайлоодо эң көп дегенде 10 партия ат салышат. Бирок негизги күрөш КСДП, "Ар-Намыс", "Ата Мекен", "Республика Ата-Журт", "Бүтүн Кыргызстан-Эмгек" партияларынын ортосунда жүрөт. Жаңы партиялардан "Өнүгүү-Прогресс" жана "Кыргызстан" саясий бирикмелери чыгышы мүмкүн", — деди Акеров.

Эксперттин айтымында, бул акыркы жылдары биринчи бешиликтеги партиялар эл оозуна алынып калгандыгы менен байланыштуу.

"Жаңы партиялар жана саясатчылар атаандаштыкка жөндөмсүз экенин билип, орун алып калган партиялар менен ат салышуудан баш тартат. Мындан улам алар ишмердүүлүгүн жандандырып, шайлоого катышпайт", — деди саясат таануучу.

Шайлоо өнөктүгүнө катышуучулардын санынын азайышы шайлоо күрөөсүнүн жогорулашы да себеп болууда. Быйыл жарышка түшүү үчүн бир партия беш миллион сом төлөшү керек. 

"Финансылык босогонун жогорулашы жалгыз себеп эмес. Мында бардык акчалуу адамдар ири партиялардын курамына кирүүнү каалайт. Жаңы партиялар демөөрчүсү жок калат. Босого көлөмүнүн жогорулашы абалга таасир бере алган жок. Сахнада баягы эле негизги талапкерлер калды", — деди Акеров.

Эксперт акыркы жылдары уюшулган партиялар жоюлушу мүмкүн экенин, шайлоого катышса да номиналдуу түрдө бара турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0