"Тумар Арт": мүйүздөн жасалган кыл кыяк бизде эле бар

Жазылуу
Сейрек кездешүүчү аспап деп көпчүлүк учурда көңүл сыртында калган кыл кыяк жанданып, улуттук маданиятта кайрадан өзүнүн татыктуу ордун ээлеп келе жатканына аз эле убакыт болду.

Кенедейинен ушул аспаптын артынан сая түшүп, кыргыздын салттуу музыкасына жаңылык киргизген "Тумар Арт" тобунун негиздөөчүлөрү Бактыгүл Асанкулова, Залина Касымова жана Айнура Бердигулова менен кыл кыяк ыргактары, улуттук маданият, чыгармачылык тууралуу баарлаштык.

— Сиздер чыгармачылыкка аралашкан мезгилде Кыргызстан жаңыдан эгемендикке ээ болуп, улуттук маданият эмес, өз айласын таппай турган учур эле. Кичинекей кыздардын кыргыздын аспаптарына, болгондо да көпчүлүк жерип келген кыл кыякка кызыгуусу кайдан пайда болду?

Залина Касымова:

— Баланын жашоодогу багыты ата-энеге байланыштуу болот экен. Атам музыкант, комузчу, комуз ойногонду ошо кишиден үйрөнгөм. Мектепте да атам үйрөткөн "Жаштар маршы" менен көп концертке катышкам. Ал эми кыл кыякты угуп жүргөнүм менен өзүн көрө элек болчумун. Мага үнү абдан жакчу. Мукаш Абдраев атындагы музыкалык мектепке келгенде да ата-энемдин колдоосу менен кыяк бөлүмүнө тапшырып окуп калдым. 

Бактыгүл Асанкулова:

— Менин эжем музыкага абдан жакын болчу. Көп ырдачумун, шыгымды байкап, мени Абдраев мектебине алып келген да ошо эжем болду. Кабыл алуу жүрүп жатыптыр, колдоруңду карап,  эмнеге жөндөмүң бар экенин текшеришет экен. Өзүм биринчи комузду тандап алгам, эжейим манжаларың узун экен, кыякка туура келет дегенинен улам ушул аспапты үйрөнүп калдым.

Айнура Бердигулова:

— Менин чыгармачылыкка аралашып калышыма апамдын салымы чоң. Өзү медик болсо да, ыр жандуу көкүрөк-көөдөнү мени бул дүйнөгө аралаштырды. Мектепке да өзү жетелеп барган. Мугалимдер менин колума кызыгып, кыякка жарай турганын айтышкан. Ошондон бери кыл кыяк кармап келе жатам. Албетте, адамдын өзүнүн кызыгуусу да чоң мааниге ээ. 

— Көп укчу белеңер? Дегеним, ал мезгилде кыл кыяк андай деле кеңири жайылтылган эмес болчу да…

Айнура Бердигулова:

— Өзүн кармап көрбөсөм да үнү аябай жакчу. Тартканда эле бир башкача добуштар чыгып, кандайдыр бир сыйкыры бардай сезилчү. Кичинекей болсом да ушунчалык таасири тийген.

Бактыгүл Асанкулова:

— Биз үчөөбүз бир мугалимден билим алдык. Чынын айтсам, мен бул аспапты билчү деле эмесмин. Алгач төрт кылдуу кыяк черткенди үйрөндүк. Эки кылдуу кыякты кийин көрдүм.

— Эки кылдуу менен төрт кылдуу кыяктын эмне айырмасы бар?

Залина Касымова:

"Тумар Арттын" кыздарынан кыл кыяк кайрыктары
— Эки кылдуу кыяк – бул биздин ата-бабалардан бери сакталып келаткан нукура кыргыздын кыягы. Төрт кылдуу кыяк же прима-кыяк деп атаса да болот, улуттук филармония ачылганда жаңы түзүлгөн оркестрге ылайыкташтырылып жасалган. Бирок, бүгүнкү күндө бул аспап деле өз алдынча оркестрдин коштоосунда ойнолуп келет.

— Шакирт устаты тууралуу айтпай коё албайт, туурабы?

Айнура Бердигулова:

Кыл кыяктын коштоосунда секирген Айнуранын тактекелери
— Үчөөбүз тең Бактыгүл Адышева аттуу мугалимден билим алдык. Эжекебизден тышкары, Бакыт Чытырбаев агай устат болду. Дагы көп мугалимдерден таалим алдык. Ар биринин өзүнө гана тийиштүү өзгөчөлүгү болот. Ушу деңгээлге жетип, чыгармачылыктагы аздыр-көптүр ийгиликтерибизде ушул адамдардын эмгеги ат көтөргүс.

— Адатта "жоону сайса ким сайды, аты калды Манаска" болуп, ийгиликти кошо камсыздашкандар көшөгө артында калып, айтылбай калышат. Келиңиздер, аспаптарды жасаган усталар тууралуу кеп кыла кетели…

Айнура Бердигулова:

— Кыл кыяк жасаган усталар аз санда. Буга чейин Марат Берикбаев аттуу агайыбыз жасап келген. Бүгүнкү күндө кыл кыякка жаңылык киргизип, аны мүйүздөн жасаган Нурлан Турдубаев аттуу мүйүз уста бул ишти улантып келе жатат. Мактаныч кыла кетели — ушу тапта Кыргызстан боюнча үчөөбүздүн эле мүйүздөн жасалган кыл кыяктарыбыз бар. Кадимки тоо текенин мүйүзүнөн куралып жасалат.

 Жыгач кыл кыяк менен мүйүздөн жасалган кыяктын эмне айырмасы бар?

Залина Касымова:

— Жыгач кыл кыяк аба ырайынын өзгөрүшүнө абдан сезимтал келет. Нымдуу, ысык, муздак болуп аба ырайы алмашып кетсе, аны канчалык толгобо, аспаптын үнү бошоп, түшүп калат. Өзүн жакшы ачып бербейт. Бир жолу Тайванга фестивалга барып калдык. Мен эки кыяк ала баргам. Толгоосун келтирип, бир мүнөттөн кийин эле карасаң, үнү өзгөрүп кеткен болот. Улам бурай берип, кыягымды таптакыр бузуп алгам. Экинчи кыягыма тийген эмес элем, он күндөй жүрүп калдык. Кетерде карасам көгөрө баштаптыр. Ал эми мүйүз жыгачка караганда туруктуу келет. Аны деле байма-бай бурап туруу керек, бирок жыгачка караганда көп чыдайт.

— Бүгүнкү күндө кыргыз муузыкасын сүйүүчүлөр кыл кыяк укканды үйрөндүбү?

Бактыгүл Асанкулова:

— Мурда кыл кыякчылардын эсебин чыгаруу үчүн колуңдун манжалары эле жетиштүү болчу. Азыр, кудайга шүгүр, жогорку окуу жайда ушул аспап боюнча билим алгандар да, кызыккандар да көп. Чынында мурда аспапты көп түшүнүшпөй, концерттен кийин "бул скрипкабы?" деп сурагандар көп эле. Азыр кадимкидей кызыккан адамдар көбөйгөнү байкалат. Демек, укканды үйрөнүп келе жатабыз.

Залина Касымова:

— 2-3 жыл мурун Токтогулга барып концерт коюп калдык. Бүткөндөн кийин мектепте окуган бир кыз жаныма чуркап келди. Кыяктын күүлөрү аябай жакканын айтып, бир убакта "Мени ала кетиңизчи" десе болобу. Мен же ооба дей албай, же баш тарта албай кыйналгам. "Бишкекке келгенде сөзсүз байланыш" деп айткам. Бул дагы улуттук маданиятка, баалуулуктарга болгон кызыгуу эмеспи.

— Кыргыз элинин ыргактары оор басырыктуу, сырдуу келет. Бул элдин насилине, мүнөзүнө жараша болсо керек. Ал эми кыл кыяктын үнү өзгөчө табышмактуу, муңдуу чыгат. Уккан адамды чарчатып жиберет деп ойлобойсуздарбы?

Айнура Бердигулова:

Аяна Касымова "Сүрөтүңө" ырын ырдап берди
— Күү – бул адамдын жан дүйнөсүнүн абалы. Кыргыздын сүйүнгөнүн да, күйүнгөнүн да анын черткен күүсүнөн эле билип койсо болот. Илгери ата-бабаларыбыз кыл кыякты сыркоо адамдарды айыктыра турган аспап катары да колдонуп келген экен. Үйлөмө аспаптар менен жыланды ийнинен чыгаргандай эле, кыл кыяктын созолонто тартылган үнүн уккан оорулуу адам кадимкидей айыгып бутуна туруп кеткен дешет. Биз азыр учурдун талабына жараша башка аспаптардын коштоосу менен кыргыздын табиятын даңазалаган, маанай көтөрө турган күүлөрдү аткарып келебиз. Жогорудагы чыгарманы "Тумар Арт" тобу жаңыдан түзүлгөндө көп ийгиликтерибиздин башаты болсун деп төлгө тартып, "Тумар" деп атап алып чыкканбыз. Автору ар тараптуу музыкант, аранжировкалоочу – Азамат Отунчиев. 

Бактыгүл Асанкулова:

— Анын үстүнө кыл кыяк күүлөрү жаратылыш кубулуштарын, жаныбарлардын кыймыл-аракетин, андан чыккан үндөрдү так өзүндөй кылып берет. "Ак куунун учушу", "Ат кетти", "Топ жылкы", "Тизгин күү", "Кер-Өзөн", "Ботой", "Ак токту" сыяктуу күүлөр буга далил. 

— "Тумар Арттын" түзүлгөнүнө бир жыл болуптур…

Бактыгүл Асанкулова:

— Ооба, бир жыл мурун бир концертке алты кыякчы катышып, эки топко бөлүнүп тартмай болдук. Ошондо бирөөндө үчөөбүз бир туруп калыптырбыз. Сүйлөшүп отуруп, бир топ түзүүнү чечтик. Ошондон бери аздыр-көптүр чыгармачылыктын арабасында чогуу келе жатабыз.

— Топ түзүүнүн күңгөйү менен бирге тескейи да болсо керек?

Залина Касымова:

— Чынын айтсак, биз учурда материалдык жактан бир аз аксап келебиз. Баарыбыз үй-бүлөлүү болгондон кийин тапкан-ташыганыбыз үй-жайга, бала-чакага кетет дегендей. Мыкты чыгарма жаратып, аны жайылтуу үчүн көп адамдар менен иштөөгө туура келет. Демөөрчү болсо, мындан да көп жетишкендиктерди багындырат элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0