БИШКЕК, 30-июнь — Sputnik. Улуттук банктын расмий статистикасына ылайык, июнь айы ичинде АКШ долларынын наркы сомго карата 3,4 сомго өстү.
Эгер майда доллар 58,15 сом турса, ири акчалардын баасы 61,53 сом болду. Мында валюта рыногунда евро долларга караганда тезирээк жогорулап жатканы байкалууда. Эгер бир ай мурун ал 63,39 сомго бааланса, бүгүн 68, 94 сомго жогорулады.
Эксперттердин айтымында, улуттук валютанын куну туристтик сезондун солгун болуп жатканынан жана орус рублинин алсызданышынан улам төмөндөөдө.
"Бул жылы турсезон өтө жигердүү эмес, туристтер сактаган валютасын азырынча сомго которо элек. Мындан тышкары, буга инфляция жана рублдин арзандашы да таасирин тийгизип келет", — деп божомолдойт экономика боюнча эксперт Кеңешбек Алимбеков.
Бүгүнкү күндө бир рубль 1,12 сом турат. Бир ай аралыгында аталган валюта 1,04 сомго чейин арзандаганы катталган.
"Россиянын валюталык кырдаалы туруксуз болуп турат. Бул Кыргызстанга сөзсүз таасирин тийгизет. КР мигранттарынын көбү Россияда эмгектенет. Алардын акча которуулары мурункуга караганда алда канча азайды. Калктын сатып алуучулук жөндөмү төмөндөп бара жатат", — дейт эксперт.
Алимбеков валюта боюнча Кыргызстанда түзүлгөн кырдаал туристтик сезондун жанданышы менен, июль, август айларында жөнгө салына турганын кошумчалады.