20:17 19 Аяк оона 2021
Түз эфир
  • USD84.7772
  • EUR99.8421
  • RUB1.1684
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
110 0 0

Кыргызстан эгемендикке жеткени ири объектилер менчиктештирилип, жеке менчик жакшы өнүктү. Бул бала бакчалардын мисалында таасын көрүнөт, себеби алардын эсебин чыгара келгенде көбү менчиктештирилип кеткени аныкталды.

БИШКЕК, 9-июнь — Sputnik. Кайтарылбайт деген 80 бала бакчанын арасында мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталса, аларды мамлекетке кайтаруу керектигин Sputnik агенттигине Жогорку Кеңештин депутаты Абдулатип Режевалиев билдирди.

Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, мекеме 1995-2012-жылдардын аралыгында бала бакча имараттарынын мыйзамсыз менчиктештирилиши боюнча 693 текшерүү жүргүзгөн. Натыйжада 80 доо арыздын мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу сот аларды кайра кайтарып берген.

"Мамлекетте бала бакча жетишпейт. Азыр каякка барба, ушул көйгөйдү айтышат. Эгер кайтарылбайт деген 80 бала бакчанын арасында мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталса, аларды кандай болгон күндө да мамлекетке кайтаруу керек. Парламентте демилге көтөрүлүшү зарыл. Көп имараттар туура эмес жол менен менчиктештирилгени баарыбызга эле белгилүү", — дейт эл өкүлү.

Билим берүү жана илим министрлигинин Мамлеклеттик мүлк фондусу менен биргеликте иштеп чыккан акыркы маалыматы боюнча учурда республикада 1568 бала бакчанын имараты бар. Анын 1425и иштелүүдө экенин аталган министрликтин башкы адиси Айгүл Камалова билдирди.

"1425 имараттын 958и бала бакча катары иш алпарса, 467 объект башка максатта пайдаланылууда. Ал эми 143 имарат таптакыр иштебейт, көбү авариялык абалда, айрымдарынын жер участоктору эле калган", — дейт адис. 

Анын айтымында, мурунку бала бакчалардын имараттарында бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо, Коргоо, Ички иштер, Билим берүү жана илим, Энергетика министрликтеринин, Чек ара кызматы, Салык инспекциясы, Башкы прокуратура, Жогорку соттун бөлүмдөрү жайгашкан. 

"Учурда мектеп жана ЖОЖ болуп келген министрликтин карамагындагы 119 объект мамлекетке кайтарылды. Калган имараттарды кайтаруу боюнча тиешелүү мекемелерге кат менен кайрылуудабыз", — дейт Камалова.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 991 муниципалдык, 289 мамлекеттик жана 288 жеке менчиктеги бала бакча бар. Ал эми мектепке чейинки курактагы 690 миң баланын 152 миң 219у бала бакчага барат. Бул жалпы балдардын 18,1 пайызын түзөт.

Тема боюнча

Башкы прокуратура 53 бала бакча имаратын мамлекеттин менчигине кайтарып берди
Жеке менчик бала бакчалар менен медициналык мекемелер салыктан бошотулду
Майлуу-Суу шаарынан бала бакчадан чыккан 4 жаштагы өспүрүм сайга түшүп каза болду
Белгилер:
Абдулатип Режевалиев, Санжар Абжалов, Башкы прокуратура, парламент, менчиктештирүү, бала бакча

ЭҢ МААНИЛҮҮ