Эксперт аңдуу жөнүндө: биометрикалык маалыматтарга "аңчылык" болот

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык мааалыматтарды чогултуу. Архив
Биометрикалык мааалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Skype же Твиттер аркылуу сүйлөшүп, кат алышуу, түйүндөрдөгү аккаунттар же интернет мейкиндигине чыгарылуучу сүрөттөр — мунун баары атайын кызматтар пайдалана ала турган маалымат деп эсептейт эксперттер

БИШКЕК, 2-июнь — Sputnik. Кыргызстанда биометрикалык маалыматтар топтолгондон кийин ал маалыматка ээ болуш үчүн аңчылык башталат деген пикирде компьютердик коопсуздук боюнча адис. 

"Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында британиялык ICM Research изилдөө агенттиги жүргүзгөн сурамжылоолорго ылайык, Европа мемнен АКШдагы респонденттердин басымдуу бөлүгү дүйнөлүк ири социалдык түйүндөр жана IT компаниялары АКШнын Улуттук коопсуздук агенттигине (УКА) пайдалануучулардын маалыматтарын мыйзамсыз берип турушат деген ишеничте. 

Компьютердин клавиатурасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Токтакунов: биометрикалык маалыматтарды интернеттен таап алыш оңой
Эл аралык социалдык түйүндөр менен ири IT компанияларынын жек маалыматтарды жашыруун сактоого карата күч-аракет жумшап жаткандыктарын респонденттердин жалпы санынын 9%ы гана тааныйт.

"Далил плюс" эксперттик клубунун адиси Марс Сариев жер жүзүндө жашоочулардын баарын жапырт аңдыган эч ким жок, бирок Европага караганда бул процесс АКШда бир топ кенен жүрөт деп белгиледи. 

Ал Google же Facebook сыяктуу эң ири IT компаниялары кандай болбосун өз пайдалануучулары жөнүндө маалыматтарды берип турат деп кошумчалады. Стив Жобс абдан чоң каражаттардын жана мамлекеттик органдардын белгилүү бир колдоосу жок мынчалык бийик натыйжаларга жетише алмак эместигин Aplle компаниясынын өнүгүү тарыхы көрсөтүп турат. 

"Ушундай эле окуяны Facebook да башынан өткөргөн. Болгон айырмасы — Марк Цукербергди башынан эле кызыккан адамдар каржы жагынан колдоп, анан калса, ата-энеси да мурда чалгынчылык кызмат менен байланышта болчу", — дейт Сариев. 

Компаниялар жеке маалыматтарды бербейт деп ишенген америкалыктар көп экени түшүнүктүү, себеби анык пикирин айтуудан алар өзү үчүн коркушат. АКШнын тургундары кантсе да аңдуучулук бир топ көп экенин түшүнүшөт деп эсептейт эксперт.

"Skype аркылуу сүйлөшүү же Твиттер аркылуу кат алышуу, түйүндөрдөгү аккаунттар же интернет мейкиндигине чыгарылуучу сүрөттөр — мунун баары атайын кызматтар пайдалана ала турган маалымат", — деди серепчи. 

Кыргызстанда Манас авиабазасында орнотулган чуулгандуу "Эшелон" электрондук чалгындоо системасы эксперттин пикири боюнча азыр АКШ элчилигинин имаратында иштеп жатышы ыктымал. 

"Биздин атайын кызматтардын да көз салуу, аңдуу системалары, кайсы бир белгилүү сөздөр пайда болгондо иштей турган программалары бар. Бирок, кеп аңдуунун өзүндө эмес, ал кандайча жана кайсы максаттарда колдонулушунда. Биометрика да толук көзөмөлгө алуу системасына кирет десе болот", — деди Сариев. 

Анын көз карашында, ар бир эле мамлекет өз жарандарына көз салууга умтулушу акылга сыярлык эле көрүнүш жана буга илимий-техникалык процесс да өбөлгө түзүп турат. Түрдүү экстремисттик маанайдагы адамдарды, террористтерди жана башка кооптуу элементтери көз жаздымдан чыгарбоо коопсуздук тармагынын компетенциясына кирет.

"Бирок жарандык коом, көз карандысыз ЖМК сыяктуу тең салмактап туруучу факторлор жок болсо, бийлик аталган системаларды пайдаланууда кыянаттык кылат деген мүмкүнчүлүктү чоңойтот", — деп жыйынтыктады Сариев.

2,5 миллиондон ашык жаран биометрикалык маалыматтарын тапшырды
Компьютердик коопсуздук боюнча адис өз атын атабоо шарты менен айтып бергендей, мамлекеттик түзүмдөр үчүн жеке маалымат алуу жөнүндө ири IT компанияларынын өкүлдөрү менен макулдашып алган оңой жана пайдалуурак. Жана бул туурасында алар ачык айтып, моюнга алат деген ишенич, майдараак компанияларга караганда аз. 

Ал америкалык чакан бэкап-провайдери rsync.net менен болгон чуулгандуу окуяны түшүндүрүп берди. Анда аталган компанияга "штаттык кийимчендер" кайрылып, мыйзамдуу негизде маалымат топтошкон. Компания буга каршылыгын билдирүү катары өз пайдалануучуларына бул иш-аракеттер жөнүндө кабарлаган. 

"Андан соң АКШда пайдалануучуларга алардын маалыматтарын атайын кызматтар алганы туурасында кабарлоого тыюу салуу жөнүндө мыйзам кабыл алынган. Ошондон киийн rsync.net маалыматтарды бергендиги туурасында үн катпай, бирок алардын маалыматтарын эч ким кызыккан эместиги жөнүндө жазылган каттарды күн сайын тарата баштаган. Ал эми мындай кат келбей калган күнү маалыматтар "тийиштүү тарапка" кеткенин пайдалануучулар түшүнүшчү", — деп айтып берди эксперт. 

Кыргызстанда биометрикалык маалыматтарды чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Калктын биометрикалык маалыматын каттоо боюнча сот иш үч айга токтотулду
Анын пикиринде, ири компанияларга таасир көрсөтүү жеңилирээк, себеби алар көп сандагы тартип бузууларга жол берет. Демек, аларды тузакка илип алып, каалаганыңды жасатыш оңой. Анан калса, лицензия түрүндөгү уруксат берүүчү документтер жана башкалар таасир көрсөтүүнүн кошумча куралы болот. 

Skype сүйлөшүү же кат алышуу жүрүп жаткан өлкөлөрдүн аймагындагы атайын кызматтарга байланыштарды илип алып тыңшоого, окууга мүмкүнчүлүк бере турганы баарына маалым. Мурдараак, Skype чакан компания кезинде мындай аракеттер болгон эместигин айтат адис. 

"Компания маалымат берүүнүн таптакыр башка, борборлошулбаган протоколун пайдаланчу, бирок Microsoft ири компаниясына сатылгандан кийин протокол борборлошулуп жана көбүрөөк көзөмөлгө алынып калды. Эми байланышып жаткандардын үнү менен жазган каттары сөзсүз түрдө маалыматты алып калуу түйүндөрү аркылуу өтүп турат", — деп түшүндүрдү эксперт. 

Ал техникалык жактан алганда мындай чечим регрессивдүү болгону менен, уюштуруучулук жактан ишкердикти өтө пайдалуу ирилештирүү болуп эсептеле турганын баса белгиледи.

"Коопсуздук өзүнө көп түшүнүктөрдү камтыйт, жана аларды бийликке, бизнеске же жөн эле айрым адамдарга пайдалуу болгудай кылып ар кандай чечмелөөгө болот", — деди адис.

Анын пикиринде, биометрикалык маалыматтарды топтоо да коопсуздук фактору болуп эсептелет, бирок анын да эки тарабы бар жана аны да эки башка калчап койсо болот.

"Албетте, бул туурасында эч ким ачык айтпайт, бирок биометрикалык маалымат топтолуп бүткөндөн кийин бизде ага аңчылык башталат", — деди адис. 

Эгер бул маалыматтарды "сейфке салып туруп, унутуп коюшса", алар коопсуз сакталышы да мүмкүн. Бирок эгер аны кенен пайдаланууга аракет кылыша турган болсо, маалымат топтому "агылып кетет" деген коркунуч чоң деген пикирин билдирди адис.

Жаңылыктар түрмөгү
0