Марс Сариев: Батыш "маалыматтык ооруга" чындап чалдыккан

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүПариждин жашоочусу. Архив
Париждин жашоочусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Батыштын маалымат саясаты тоталитаризмге мүнөздүү өзгөчө касиетке ээ деп эсептейт эксперт.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Батыштын жалпыга маалымат берүү каражаттары "маалыматтык ооруга" чындап чалдыккан деп эсептейт "Далил плюс" эксперттик клубунун серепчиси Марс Сариев.

Европа өлкөлөрүнүн жана АКШнын тургундары альтернативалуу көз караштарды угууну каалайт
Европалыктар менен америкалыктардын орто эсеп менен 60 пайызы эл аралык резонанстуу окуялар жөнүндө ЖМКларда түрдүү пикирлерди көргүлөрү келе турганын ICM Research агентиги тарабынан 2015-жылдын 20-мартынан 9-апрелине чейин жүргүзүлгөн сурамжылоонун натыйжалары көрсөттү.

Сариевдин айтымында, изилдөөнүн жыйынтыгы жалпы эле Батыш үчүн кооптуу белги болуп эсептелет. Демократиялык баалуулуктар европалык жана америкалык жалпыга маалымдоо каражаттары тарабынан декларацияланышы Советтер Союзуна каршы идеологиялык тирешүү менен шартталган болчу. 

"Бүгүнкү күндө мындай тирешүү зарылчылыгы жок болгон соң, Батыштын маалымат саясаты тоталитаризмге мүнөздүү өзгөчө касиетке ээ", — деп эсептейт Сариев.

Эксперттин пикиринде, катардагы жарандарды бир тараптуу, көп учурда бирөөлөрдүн көз карашын жактаган маалымат берилиши тынчсыздантат. Жорж Оруэллдин өткөн кылымда жазылган чыгармалары батыш көз караштарына каршы туруучуларга багытталганына карабай, бул саясатта колдонулуучу куралдарды ачык-айкын көрсөтөт. 

"Батыштын бийлигинде тургандар өз өлкөлөрүндө жашоочулардын жалпы башын айлантып жатышы өткөн кылымдагы эки тараптуу дүйнөдө алар каршы күрөшкөн көрүнүштүн өзү болуп жатат", — деп баса белгиледи Сариев.

Адаттан тышкаркы сексуалдык мамилелер, жалпы таанылган үй-бүлө салттарын четке кагуу, зомбулук ж.б. сыяктуу күмөндүү баалуулуктарды үгүттөө, адистин көз карашында, коомдун дартка чалдыкканын күбөлөйт.

"Мындайча айтканда, Батыш "маалыматтык ооруга" кабылган. Бул өлкөдө жашоочулардын айрым бөлүгү берилип жаткан маалымат чектелүү экенин жана жергиликтүү ЖМКлар окуяларга бир жактуу карай турганын түшүнөт", — дейт эксперт. 

Ошондуктан демократия деген түшүнүккө ылайык бар болушу керек болгон башка көз караштарга карата муктаждык, суроо-талап жаралат. Болгондо да, алар азыр берилип жаткандар менен теңме-тең чагылдырылышы керек дейт ал. Эксперттин ою боюнча, Россиянын ЖМКлары альтернатива болуп, тиги же бул дүйнөлүк окуялар боюнча батыштыкынан айырмаланган көз караштарды бере алат.

"Батыштын аң-сезими үчүн башка көз карашка Кыргызстан менен катар дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө иштеп жаткан Sputnik агенттиги жакшы мисал болот", — деп баса белгиледи Сариев.

Анын пикиринде, Кыргызстандын маалымат рыногу көп нерсеге толгон, мында "саркындылар" да аз эмес жана маалымат алуучуга тандай билүү жөндөмү жетишсиз болуп жатат. 

"Ар түрдүү багыттагы маалымат каражаттары, анын ичинде батыштын көз карашын жактагандар көп жана алар өлкөнүн башкы теле аянтчаларында да бар", — деди эксперт.

Берлин шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев Батыштын ЖМКлары жөнүндө: пропаганда жүрүп жатканын эл түшүнөт
Мындай шартта россиялык көз караштын болушу пайдалуу, ал плюрализмди камсыз кылат деп сөзүн жыйынтыктады Сариев. 

Коомдук пикирди иликтөө боюнча эл аралык долбоор 2014-жылдын июлунда башталып, ага Британиянын белгилүү ICM Reseacrh изилдөө компаниясы өнөктөш болгон. "Sputnik.Пикирлер" долбоорунун алкагында эң көйгөйлүү социалдык жана саясий маселелер боюнча Европа өлкөлөрүндө жана АКШда коомдук пикирге карата үзгүлтүксүз сурамжылоолор жүрүп турат. 

Sputnik (sputniknews.com) — ондогон өлкөлөрдөгү мультимедиалык хабдарга ээ маалымат агенттиги жана радио. Sputnik өзүнө сайттары, аналогдук жана санариптик радио берүүлөрдү, уюлдук тиркемелери жана социалдык түйүндөрдө беттерди камтыйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0