Эксперт: КРдин ЕАЭБге кошулушу — өлкө үчүн чоң жоопкерчилик

Жазылуу
Президент Алмазбек Атамбаев Москвага иш сапары менен жүрөт, анын алкагында Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү жөнүндө протоколго кол коюлмакчы.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү жөнүндө келишимге кол коюу менен, өзүнө чоң жоопкечиликти алат деп билдирди Sputnik кабарчысына Улуттук стратегиялык изилдөө институтунун директорунун орун басары Чынара Эсенгул.

Президент Алмазбек Атамбаев республиканын ЕАЭБге кирүүсү жөнүндө Кремлде өтө турган протоколго кол коюу салтанатына катышат.

Эсенгулдун айтымында, бул кадам КРдин геосаясатында оң да, терс да касиеттерге ээ. Ички саясат жагынан мамлекет айрыкча экономика, миграция тармагында жана ишкердикти өнүктүрүүдө утушка гана жетет. 

"Албетте, Кыргызстандын тышкы саясаты өзгөрөт, себеби өлкөгө чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатат. Эми Өзбекстан, Тажикстан жана Кытай менен тышкы чек аралар боюнча биз өзүбүздү гана эмес ЕАЭБдин бардык мүчөлөрүн көрсөткөн болобуз", — деп белгиледи эксперт.

Анын пикиринде, 8-майдан баштап республиканын имиджи өзгөрөт. Биримдикке кошулуу ЕАЭБге мүчө беш өлкөнүн шериктештик мамилелерин баса көрсөтөт.

"Бул болсо Кытай менен катар, биздин интеграциябызды анча жактыраган дүйнөнүн башка өлкөлөрү менен өз ара мамилелерге таасир кылат. Бирок азыркы тышкы геосаясий абал КРдин мурдатан калыптанып калган байланышы бар өлкөлөр менен мамилелердин катуу бузулуп кетишине жол бербейт", — деген тыянак чыгарды Эсенгул.

Песков: Кыргызстандын ЕАЭБге кирүүсү боюнча жумушчу маанайдагы талкуу болот
Россия үчүн Кыргызстанды Евразиялык экономикалык биримдиктин бир бөлүгүнө айлантуу өтө маанилүү экендигин баса белгиледи ал. Себеби кийинки кезек Тажикстанда. Бирок бул респубилка интеграциялык биримдиктин башка мүчөлөрү менен жалпы чек арасы болбогондуктан, Кыргызстансыз ага кошула албайт.

Интеграциянын кечеңдешине себеп болгон ЕАЭБ боюнча эки протоколду талкуулоо маселесинде эксперт Кыргызстандын көз карашын колдойт.

"КР өз кызыкчылыктарын коргоо менен өзүнүн аброюн жана республика менен эсептешүү керектигин көрсөтүп жатат. Албетте, бул көпчүлүккө жакпайт, бирок протоколдор жөнүндө маселе жөнгө салынары шексиз", — деп эсептейт Эсенгул.

2015-жылдын 9-майында өлкөнүн ЕАЭБге кирүүсү күтүлүүдө. Мурдараак 2014-жылдын апрелинде Россия, Белорусия жана Казакстан Астанада ЕАЭБ түзүү жөнүндө келишимге кол коюп, ал 2015-жылдын 1-январында күчүнө кирген. Биримдикке үстүбүздөгү жылдын башында Армения да кошулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0