Сариев: Кыргызстан ЕАЭБде өз ордун таба алат

© Sputnik / Михаил РогожинМинистр экономики Кыргызской Республики Темир Сариев
Министр экономики Кыргызской Республики Темир Сариев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулуу үчүн түзгөн Жол картасы дээрлик 100 пайыз аткарылды. Экономика министри Темир Сариев бул жаңы биримдикте өз ордун ээлеши үчүн өлкө дагы эмнелерди кылыш керектиги тууралуу Sputnik маалымат сайты менен бөлүштү.

Үстүдөгү жылдын май айында республиканын ЕАЭБге кошулары күтүлүп жатат. Ошентип, КМШ мейкиндигинде жаңы жана күчтүү экономикалык өнүгүү борбору боло турган ири жалпы рынокту калыптандыруу аягына чыкмакчы. КР экономика министри Sputnik маалымат сайтына берген эксклюзивдүү маегинде ЕАЭБге мүчө болуу үчүн өлкө эмнелерди аткарганга үлгүргөнүн айтып берди.

— КРдин ЕАЭБге кошуларына үч жумадай калды. Республика даярдык ишерин өз убагында бүткөрүү үчүн көп нерселерди жасады. Аткара турган дагы эмнелер калды?

— Кыргызстан ЕАЭБге кирүү боюнча Жол картасын кабыл алган. Биз өзүбүздүн мыйзамдарыбыздын негиздердин Евразиялык экономикалык биримдиктин ченемдерине ылайыкташтырып, бардык ченем-укуктук актыларды иретке келтирдик. Экинчи ири маселе — биздин инфраструктураны даярдоо. Бажы тозоттору, түрдүү багыттагы лабораториялар — баары бирдиктүү маалымат тутумуна кошулат. Мунун баарын талаптагыдай деңгээлде бүтүрүү үчүн Россия 200 миллион доллар бөлүп берген. 9-майга чейин биз баарына үлгүрүшүбүз керек. Азыр КРде ЕЭК эксперттеринен турган комиссия иштеп жатат. Алар түрдүү тармактардагы даярдыкты текшерип, жакшы натыйжалар бар экенин билдирүүдө.

— Аткарыла турган иштин канча пайызы калды дейсиз? Бардык документтерге толук кол коюла элек деген маалымат бар.

— Ооба, биримдикке кирүүгө зарыл дагы эки протоколго Кыргызстан кол коё элек. Бирок, апрелде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн вице-премьерлери документтер боюнча макулдашуу үчүн жолугушат. Анда принципиалдуу мүнөздөгү маселелер каралып, 26-апрелде баары даяр болушу керек. Ал эми 8-майда негизги документтерге кол коюлуп, алар беш мамлекеттин бажы чек араларын толук ачат.

— ЕАЭБге кирүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдө Кыргызстан кандай жеңилдик шарттарына жетише алды? Алар кайсы убакытка чейин күчкө ээ болот?

— Кыргызстан товарлардын 165 түрүн беш жыл бою кадимки бажы төлөмү менен импорттойт. Себеби, ЕАЭБ өлкөлөрү биздин республиканы бардык зарыл нерселер менен толук камсыздай албайт. Бул тизмеге үчүнчү өлкөлөрдөн алынып келе турган жеңил унаалар, дары-дармектер, электр жана турмуш-тиричилик техникалары, килем-килчелер, айыл чарба техникасы жана өнөр жай жабдуулары кирет. Бардык азык-түлүк товарлары, жеңил өнөр жайы үчүн чийки зат, ошондой эле анын өндүрүмдөрү ЕАЭБ мыйзамдарына ылайык импорттолуп келет. Мунун максаты – рыноктун толук кандуу катышуучусу болуу.

— Ветеринардык, азык-түлүк жана башка лабораторияларды сертификациялоо жана аккредитациялоо боюнча абал кандай? Канчасы аккредитацияланып бүттү?

— Лабораторияларды аккредитациялоочу орган Кыргыз аккредитациялоо борбору деп аталат. Ал ILAC эл аралык комиссияга кирет. ЕЭК комиссиясы биздин иш бардык стандарттарга туура келерин ырастады. Мисалы, Россия азырынча аталган уюмга мүчө болуп эсептелет. Ал аркылуу КР боюнча 92 лаборатория аккредитацияланды. Алар өлкөнүн түндүгүндө жана түштүгүндө жайгашып, 33ү тамак-аш лабораториясы болуп эсептелет. Азык-түлүк товарларын, балдар оюнчуктарын, өнөр жай товарларын да текшере турган лабораториялар. Бизде ветеринардык жана фитосанитардык лабораторияларды аккредитациялоодо кыйынчылыктар болду. Азыр алардын биринчилеринин экөө өз ишин жүргүзүүгө укук алган. Бири Ошто, бири Бишкекте. Жакынкы арада фитосанитардык лабораториялардын даярдыгын текшере турган эксперттердин келишин күтүп жатабыз.

— Жеке менчик лабораториялар болобу?

— Сөзсүз, себеби мындай иш жүргүзүүгө кызыккандар көп болуп жатат. Жеке сектор атаандаштык жарата алат. Каалаган ишкерлер сертификат алууга жай тандай алат. Бардык жерде стандарттар бир болот.

— Лабораторияларды түзүүгө мамлекетке бөлүп берилген акча аларды жок дегенде эң зарыл каражаттар менен жабдууга жетеби?

— Албетте, жетпейт. Аларды жабдуу боюнча баштапкы эсптөөлөр 370 миллион долларды түзгөн болчу. Анын 200 миллионун Россия берип, дагы 100үн Казакстан лабораториялары менен бажы өтмөктөрү үчүн жабдуулар түрүндө бөлүп жатат. Ошондой эле ЕАЭБ өлкөлөрүнөн кесиптештер менен анык убакыт тартибинде маалымат алмашууга мүмкүндүк болушу керек. Азырынча бул бизде жок.

— Кыргызстандын бажы өтмөктөрү жаңы иш форматына канчалык даяр?

— Бизде бардыгы төрт бажы өтмөгү болот. "Эркечтам" менен "Торугарт" Кытай менен чек арада, дагы эки пост Тажикстан жана Өзбекстан менен чектеш жерде турат. Дагы Оштогу жана Бишкектеги эки аэропрот бар. Баары тийиштүү жабдуулар менен камсыз кылынган. Буга жылуулук аркылуу көрсөткүчтөр, байкоо камералары, таразалар, рентген-жабдуулары кирет. Мындан тышкары, жеке адамдарды гана өткөрүү менен алектене турган айрым өтмөктөр бар, себеби коңшулаш мамлекеттер менен тыгыз карым-катнашыбыз бар. Алар аркылуу товарлар өткөрүлбөйт.

— Кытай ЕАЭБ менен эркин соода аймагын түзүүнү сунуштап жатат. Мунун Кыргызстанга канча пайдасы бар?

— Кытай — керектөөчүлүк жана сунуш кылуучулук зор рынокко ээ өлкө. Андан тосунуп алуу мүмкүн эмес, мунун кереги да жок. Кытайсыз жашоо мүмкүн эмес. Биз жөн гана эки тарапка тең бирдей пайда алып келгидей соода жүргүзүү үчүн ылайыктуу өнүгүү жолун тандашыбыз керек.

— Кыргыз-Россиялык инвестициялык фонддо абал кандай? Ал иштейби?

— Россия тарап менен бир кеңешме өтүп, анда фонддун учурдагы иш мамилелери каралды. Биз кеңештин экинчи жолугушуусун майдын экинчи жарымында өткөрүүгө макулдаштык. Анда насыялоого муктаж беш-он долбоор каралмакчы. Биз үчүн айыл чарба, кайра иштетүү, өнөр жай ишканалары, жеңил өнөр жай, логистикалык борборлор, лизинг, ипотека тармактары артыкчылыкка ээ. Республиканын экспорттук мүмкүнчүлүгүн көтөрүүгө көмөк боло турган долбоорлор активдүү каралат. Насыялар коммерциялык, б.а. кайтарма болот. Алардын баарына кепилдик камсыздандыруу талап кылынып, бирок үстөк төлөм пайыздары төмөн болот жана ал коммерциялык банктардын шарттарынан олуттуу айырмаланат. Насыяларды үч жылдан жети жылга чейин доллар же улуттук акча менен алса болот. Бериле турган сумманын эң аз көлөмү — 3 миллион болуп, алар коммерциялык банктар аркылуу алынат. Мындан жогорку суммалар фонд аркылуу берилет.

— Казакстан менен Россиянын ишкерлери рыноктогу өз орундары үчүн дайыма атаандашып келет. Биздин ишкер чөйрөсүндөгүлөр аларга туруштук бере албайбыз деп кооптонушууда. Алардын бул ою канчалык негиздүү?

— Интеграциялык бииримдиктерден ири экономикалар дайыма алдыда турат. ЕБде мындай абалга Германия менен Франция ээ. Жергиликтүү ишкерлер жөн гана өз ордун издеп табууга аракет кылып, ал үчүн күрөшүүлөрү керек. Атаандаштуу — бул күрөш да. Баары тең бирдей шартка ээ. Бирок биздин экономика абдан мобилдүү, себеби ири ишканалар жок. Экономика ылдыйлаганда, биринчи кезекте тармагын алмаштыруу кыйын болгон чоң ишканалар жабыр тартат. Биздин өндүрүштү болсо өтө ийкемдүү десе болот. Биз өз бөтөнчөлүктөрүбүзгө басым жасашыбыз керек.

— Биздин артыкчылыгыбыз эмнеде?

— Айыл чарба боюнча — өндүрүмдөрдүн экологиялык тазалыгы. Биз көлөм жагынан атаандаштык кыла албайбыз, бирок сапаты жагынан толук жеңип кетсек болот. Бизде азыртан эле чек аралар жабык шартта мыкты жетишкендиктерибиз бар. Анча-мынча көйгөйлөргө карабай, биздин жашылча-жемиш Астана менен Алматы, Сибирь, ал тургай, Москва рынокторунда чоң суроо-талапка ээ. 

— Инвесторлорду тартуу үчүн мамлекет дагы кандай кошумча стимулдарды демилгелеп жатат?

— Биз КРге чоң да, орточо да каражаты бар бардык инвесторлорду чакырабыз. Россияда мындай сунуштар жетиштүү. Биз логистика, соода тармактарында, каржы жана коммерциялык түзүмдөрдө орун алууну сунуштап жатабыз. Биз арзыртан эле уруксат берүүчү документтерди кыскартуунун үстүндө иштөөдөбүз. Биз фискалдык реформа концепциясын кабыл алдык. Анын алкагында экспортко иштөөчү ишканалар үчүн соода-сатыкка карата салыкты алып салууга болот. Экинчи баскычы — кошумча наркка карата салыкты төлөөчүлөр. Реформалар талап кыылынуучу дагы бир тармак — социалдык чегерүүлөр тармагы. Бизде уруксат берүү тутумун либералдаштыруу улантылып жатат. Лицензиялардын санын 80-85ке чейин кыскартсак дейбиз. Жана лицензиялар менен отчетторду электрондук жол менен берүүгө өтүп жатабыз. Ошондой эле текшерүүлөрдүн санын кыскартуу боюнча текшерип-көзөмөлдөө органдары менен да иштеп жүрүүдө. Өкмөттө азыр жеке секторду өнүктүрүү боюнча 2017-жылы кабыл алына турган стратегия иштелип чыгууда.

— Мындай көп иште жеке өзүңөзгө убакыт калабы?

— Ооба, албетте. Мен күн сайын чуркайм, атайын көнүгүүлөрдү жасайм, сууда сүзгөнгө аракет кылам. Дегинкиси, мен кыймылдуу жашоону жакшы көрөм. Анын үстүнө, бул башты сергиткенге да жардам эмеспи. Мен өлкөгө денин сак болуп кызмат кылышым керек да!

Жаңылыктар түрмөгү
0