Сириялык Усама "Ислам мамлекетинин" азабынан Кыргызстанга качып келди

© AFP / Louai BesharaДамаск. Архив
Дамаск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сириядагы согуштан качып келген Усама Мери Кыргызстандан баш паанек таап, учурда качкын макамында жашап жатат. Мекениндеги согушкерлердин исламга жамынып алып жасап жаткан жоруктары жана кооптуулук аны үй-жайын таштап, эки баласы, үй-бүлөсү менен биздин өлкөгө качууга аргасыз кылган.

БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Учурда Кыргызстанда жашап жаткан Сириянын тургуну Усама Мери Sputnik сайтынын кабарчысы менен маегинде үй-бүлөсүнө жаралган коркунучтан улам, баш калкалоо үчүн биздин өлкөгө качып келгендигин айтып берди. 

— Эмне үчүн өз жериңизди таштап Кыргызстанга көчүп келдиңиз?

— Буга үй-бүлөмдүн коопсуздугу жана жашоо шарттын оордугу себеп болду. Өзүм Түркия менен чектеш Аль-Камышли шаарынан болом. Сирияда согуш болуп жатканын өзүңөр билесиңер, бул өз өлкөбүздөн көчүп кетишибиздин башкы себеби. Саясий оор кырдаалдын айынан, бийлик менен оппозициянын тирешүүсү бүтпөгөндүктөн, бизде 45-50 жашка чейинки эркектерди да аскерге алып жатышат, дагы ИМдин согушчандары өз билгендерин кылууда. Жашоо абдан кыйын: доллардын баасы катуу көтөрүлүп, тамак-аш да аябай кымбаттады, эл суу менен начар камсыз кылынган, газ тез өчүп турат, ал эми жарык болсо 1,5-2 саат гана берилет. Турмуш деңгээли мурункудан бир топ төмөндөдү.

— "Ислам мамлекетинин" топторуна кандай карайсыз?

— Мен аларга каршымын. Жакында эле, Нооруз майрамынын алдында, алардын согушчандары жасаган жардыруунун натыйжасында 60тан ашык адам каза таап, 150 адам жарадар болуптур. Бул жөнүндө мага майрамга даярданып жаткан туугандарым билдиришти. Тилекке каршы, Ноорузга Сирияда тыюу салынган, ошон үчүн аны билгизбей акырын майрамдашат, силерде болсо бул мамлекеттик майрам экен. Ооба, мен мусулманмын, бирок ИМдин баш кесерлери исламды бетине кармап алышып ар кандай кылмыштарды жасап жатат. Ислам дининде бала менен чоңду, аялдарды өлтүрүш керек деп айтылган эмес. Алар эмнеге минтип жатат? Бул туура эмес, мен аларды кылмышкерлер деп эсептейм. 

Ош: балдарын да кошо Сирияга алып кетип бараткан тажикстандыктар кармалды
Сирияда мусулмандар христиандар менен чогуу жашаган жерлер бар. Согушчандар болсо аларды өлтүрөбүз деп коркутуп, исламды кабыл алганга мажбурлап же акчалай салык салып жатат. Ушундай да болобу? Динибиз же улутубуз башка болгону менен, баарыбыз кудай астында жүрөбүз да.

Жихад абдан тез жайылууда. Аны Иран, Сауд Аравиясы жана Сириянын айрым бөлүгү каржылап жатат. Жихадчылар адамдарга абдан катуу таасир кылып, такыр мээлерин айлантып алып жатат. Кыргызстандан, Сирияга коңшулаш өлкөлөрдөн жана дүйнөнүн бардык булуң-бурчтарынан жихадга адамдар келип жаткандыгын биз ЖМКлардан угуп-билебиз. 

Ал тургай, дайыма бири-бирине каршы туруп келген сунниттер менен шейиттер да "Ислам мамлекетине" биригип жатат. Аларда өз ара түшүнүүчүлүк аз, бирок уюмда экөөнүн саны бирдей десе болот. 

— Мындай жихаддын эмне кереги бар?

— Сирия, Ирак, Түркия — мунайга өтө бай жерлер. Айыл чарбасы менен экономикалык маанилүү башка тармактар да жакшы өнүккөн. Согушчандар дал ушул аймактарда ислам мамлекетин түзүү далалатын жасап жатат.

— Кыргызстанга качан жана кантип келип калдыңыз?

— Жалпы эсеп менен Кыргызстанда жашаганыма 15 жылга чукулдап калды. Окуумду бүтүп, ушул жерден өз мекендешимди таап, баш коштум. Университетти аяктагандан кийин 2009-жылы мекениме кайтып барып, Дамаскта жумушка орноштум, балалуу болдук. Бирок түштүктөгү революциядан кийин кырдаал улам начарлап бара жатканда үй-бүлөм менен эки кичинекей баламдын коопсуздугу үчүн аргасыз кайра КРге келүүнү чечтим. Мени аскерге чакырышы да мүмкүн эле, бул да себеп болду. Мен бир нече жолу операция болгом, ден соолугума байланыштуу аскер кызматын өтөмөк түгүл, жөн эле кара жумуш жасай албайм. Сирияда болсо жаш-курагыңа жана ден соолугуңа карабай эле аскерге алып кете берет.

— Сиз сириялыксыз да, Кыргызстандын жарандыгын алгыңыз келеби?

— Биз үй-бүлөбүз менен миграциялык кызматка, Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине кайрылганбыз. Азыр качкын статусунда жашап жатабыз. Жарандыкты алмаштыргым келбейт, өз мекенимде баары жакшы болот деген үмүтүм бар. Ал эми Кыргызстан менен болсо ишкердик жагынан активдүү катышсам дейм. 

Жаңылыктар түрмөгү
0