Сарбанов: доллардын баасы мындан ары да көтөрүлөт

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДоллар. Архив
Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Подводка "Росинбанк" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Улан Сарбановдун пикиринде доллардын баасы мындан ары да көтөрүлөт, ошону менен бирге Кыргызстандын Улуттук банкы сомдун девальвациясын интервенциялардын жардамы менен жеңилдетип жатат.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. АКШ долларынын наркы мындан ары да көтөрүлө турганын "Росинбанк" ААКнын директорлор кеңешинин төрагасы Улан Сарбанов Sputnik сайтынын кабарчысына билдирди.

Азыр рынокто текши девальвация күтүлүүдө, себеби Улуттук банк интервенцияларды жүргүзүп жатат. 

"Кыргызстандын Улуттук банкынын интервенциялары — бул кадимки эле көрүнүш. Мындай инструментти өнүккөн өлкөлөрдүн, экономикасы жанданып келе жаткан өлкөлөрдүн да көпчүлүк борбордук банктары пайдаланат. Улуттук банк интервенцияларды девальвацияны токтотуу үчүн эмес, аны жеңилдетүү үчүн жүргүзүп жатат деп ойлойм. Ал бул аркылуу коммерциялык банктар менен чарбалык субъекттерге каржы рыногундагы жылыштар боюнча белгилерди берүүдө", — деди ал.

Валюталардын алмаштыруу деңгээли рыноктук башкы көрсөткүч болуп эсептелет, ошон үчүн ага банкирлерден тартып катардагы жарандарга чейин баары көңүл бурат. Сарбанов алмаштыруу курсуна карата алдын ала божомолдоолор көп факторлорго жараша боло тургандыгын айтты. 

"АКШ долларынын курсу биринчи кезекте дүйнөдө эң ири деп эсептелген американын экономикасынын перспективасынан жана Федералдык резервдик системанын аракеттеринен көз каранды", — деди ал.

Улан Сарбанов улуттук валютанын курсу туруктуу болушу үчүн өкмөт менен Улуттук банктын жасаган аракеттерине калктын ишеними болушу керектигин кошумчалады. 

"Эгер аларга ишенишсе, анда валютанын курсу салыштырмалуу туруктуу болот жана девальвация жылма жүрөт. Калктын ишеними болбосо, девальвация кескин өсөт", — деп белгиледи Сарбанов.

Ушуга байланыштуу азыр Кыргызстандын Улуттук банкы чет элдик валютанын баасынын жогорулашы боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтсө болмок деп эсептейт банкир. 

Акча алмаштыруу курсу боюнча башка көрсөткүч болуп эл чарбачылыгынын иш натыйжалуулугу эсептелет. 

"Эгер эмгек өндүрүмдүүлүгү өссө, улуттук валютага байланыштуу суроолор да аз болот. Эгер ЕАЭБга кирүү менен бул көрсөткүч өсө турган болсо, ага жараша биздин акчанын наркы да туруктуу болот. Менин көз карашымда, эмгектин өндүрүмдүүлүгү көтөрүлөт, себеби Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында атаандаштык да жогорулайт. Республика өзү коргонуу чараларын көрө алат, бирок биз күчтүү экономикаларга кошулуп жаткандыктан, аларга теңелгенге умтулушубуз керек болот", — деп баса белгиледи "Росинбанктын" директорлор кеңешинин төрагасы.

Улуттук валютанын курсунун туруктуулугунун дагы бир көрсөткүчү ички жана сырткы кескин таасирлердин болушу же тескерисинче болбошу эсептелет.

Жаңылыктар түрмөгү
0