00:20 17 Тогуздун айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.0865
  • RUB1.0855
Аскер. Архив

Кыргызстан Украинада тынчтык орнотуучулук миссиясын аткарууга даяр — эксперт

© Sputnik / Владимир Пирогов
Ой-пикир
Кыскача шилтеме алуу
41 0 0

Эксперт Токтогул Какчекеевдин айтымында, Панфилов атындагы сегизинчи гвардиялык мото-куралдуу дивизиянын курамында КРдин тынчтык орнотуу операциялары боюнча атайын даярдалган, эл аралык уюмдардын сертицикациясына ээ батальону бар.

БИШКЕК, 20-мар — Sputnik. Аскер эксперти Токтогул Какчекеев ЖККУнун тынчтык орнотуучу күчтөрүн Украианага алып кирүү маселеси мурда эле коюлушу керек болчу жана Кыргызстан мындай милдетти аткарууга даяр деп эсептейт. 

Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун башкы катчысы Николай Бордюжа, эгер Бириккен Улуттар уюму Донбасска тынчтык орнотуучу күчтөрдү алып кирүү зарыл деп эсептесе, ЖКУ муну кылат деп билдирди жума күнү. 

Эксперттин айтымында, Панфилов атындагы сегизинчи гвардиялык мото-куралдуу дивизиянын курамында КРдин тынчтык орнотуу операциялары боюнча атайын даярдалган, эл аралык уюмдардын сертицикациясына ээ батальону, ошондой эле аскер медицинасынын талаа госпиталы бар. 

"Украинанын түштүк-чыгышына тынчтык орнотуучу күчтөрдү киргизүү чыр-чатакты жөнгө салууга жана Минск келишимдерин сакталышына көмөк болот деп эсептейм. Негизи бул маселе мурда эле коюш керек болчу. Жана Николай Бордюжа бул тууралуу айтканы муну ырастап турат. Биз ЖККУнун мүчөсү катары макулдашуулардын негизинде өз милдетибизди аткарууга даярбыз", — дейт Какчекеев.

Тынчтык орнотуучулары алынып кирсе, Россиянын куралдуу күчтөрү Украинанын ишине кийлишигип жаткандыгы жөнүндө суроо пайда болбошу керек деп белгиледи эксперт.

"ЖККУга мүчө өлклөрдүн күчтөрү тынчтык орнотуу боюнча БУУ тарабынан бекитилген милдеттерге ээ. Жана, эгер уюмдун башкы катчысы белгилегендей, БУУнун Коопсуздук кеңеши тынчтык орнотуучуларды киргизүүнү чечсе, бул эл аралык эрежелердин жана Украинанын улуттук мыйзамдарынын алкагында ишке ашырылат", — деп кошумчалады талдоочу.

Минсктеги сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыктары 

Россия, ГФР, Франция жана Украина өлкөлөрүнүн лидерлери 12-февралда Донбасстагы каатчылыкты жөнгө салуу боюнча Минскте "Нормандия төртилигинин" сүйлөшүүлөрүн кайра баштаган. Узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин "Минск макулдашууларын аткаруу боюнча иш-чаралар топтому" деп аталган документ кабыл алынган. Анда 15-февралда түнкү саат 00.00до ок атууларды токтотуу, ошондой эле оор куралдарды бири-биринен алыс алып кетүү жана коопсуз тилкесин түзүү жөнүндө айтылат.

Белгилер:
батальон, тынчтык орнотуучу, ЖККУ, Токтогул Какчекеев, Украина

ЭҢ МААНИЛҮҮ