Кулов: Акаевди кечирдим, анын кайтып келишине эч тоскоолдук жок деп ойлойм

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOФеликс Кулов, Архивное фото
Феликс Кулов, Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Феликс Куловдун айтымында, Акаев Кыргызстандын жараны, ошондуктан ал өлкөгө эч тоскоолдуксуз кирип-чыга алат.

БИШКЕК, 18 мар — Sputnik. Аскар Акаев президент болуп тургандагы эң белгилүү саясий камалуучу, "Ар-Намыс" фракциясынын лидери Феликс Кулов Sputnik кабарчысы менен болгон маегинде Акаевди кечиргендигин жана анын кайтып келишине эч тоскоолдук жок экендигин айтты.

Мурдараак Sputnik менен болгон маегинде Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев "өз өлкөмө кайтып келип, сөөгүм мекениме коюлса" деген тилегин билдирген эле.

Куловдун айтымында, Акаевге мекенине кайтып келүүгө тыюу салынбашы керек.

"Ал келип, кете алат. Анын үстүнө, менин билишимче, Акаев Кыргызстандын жараны. Аны киргизбөөгө негиз бар болсо, бул тууралуу кимдир бирөө расмий жарыяласын", — деген пикирин айтты саясатчы.

Эл депутаты Акаев Кыргызстанда "шектелүүчү да эмес, айыпталуучу да эмес" дейт.

Мамлекеттин биринчи башчысы өлкөгө эч тоскоолдуксуз кайтып келишин Кулов өткөн жылы эле КРде анын улуу агасы Болот Акаев каза болгондо талап кылган.

"Ошол кездеги башкы прокурор Салянова, эгер ал келе турган болсо, аны кайсы бир кылмыш иши боюнча суракка алабыз деген. Мен бул туура эммес деп айткан болчумун. Ал өз парзын аткарганы келмек. Кыргыздар үчүн жакыны өлгөндө топурак салып, куран окуш — ыйык милдет. Ошондуктан мен анткен такыр туура эмес дегем", — дейт депутат.

Эмнеси болсо да, бир тууганынын өлгөнүнө биринчи президент келген эмес.

Акаев бийликте турганда өзүнүн кесилип кеткендиги жөнүндө суроого "Ар-Намыс" фракциясынын лидери ага эч дооматы жоктугун билдирди. 

"Өз ара мамиле жагынан муну талкуулагым келбейт. Ал биздин жеке ишибиз. Менде деги эле таарыныч деген түшүнүк жок. Эч качан өзүмдү таарынгандай сезген эмесмин. Мен аны кечиргем", — деп сөзүн бүтүрдү Кулов.

Феликс Кулов 2000-жылы 22-мартта Бишкектин мэри болуп турганда (1998-жылы) кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деген айып боюнча камакка алынган. Кийинчерээк сот аны актап чыккан. Бирок 2001-жылдын январында Кулов кайра кармалып, бул жолу 1997-жылы улуттук коопсуздук министринин кызматында кыянаттык кылган деген айып коюлган. 2005-жылы мартта болгон биринчи ынкылап учурунда саясатчыны эл бошоткон. Кийинчерээк сот бардык беренелер боюнча ага коюлган айыптарды жокко чыгарган болчу. 2005-жылы өлкөдөн чыгып кеткен Аскар Акаев бүгүн Москвада жашайт жана ММУда сабак берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0